Башкы Жаңылыктар А.Ш. Муртазалиевдин арызын сот тартибинде кароо жѳнүндѳ

А.Ш. Муртазалиевдин арызын сот тартибинде  кароо жѳнүндѳ

07-Мар, 2024

            2024-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - КР БШК) Муртазалиев Абдурахман Шамилевичтин ишеним каты боюнча ѳкүлү  Токтакунова Таалайкүл Аскаралиевнадан арыз келип түшкөн.

            Өзүнүн арызында жаран Т.А. Токтакунова   төмөнкүлөрдү көрсөтөт.

            КР БШК  2022-жылдын 9-мартындагы № 215 чечими менен Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Муртазалиевди каттоо жокко чыгарылган.  Бишкек шаарынын административдик сотунун 2022-жылдын 15-мартындагы чечими жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2022-жылдын 22-мартындагы токтому  менен КР БШКнын  2022-жылдын 9-мартындагы № 215 токтомун мыйзамсыз деп таануу жана жокко чыгаруу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Муртазатиевдин арызын канааттандыруудан баш тартылган.

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Муртазалиевди каттоону жокко чыгарууга жарандар Л. Смаиловага жана Ф.  Талиповага А.Ш. Муртазалиевдин кызыкчылыгы үчүн добуштарды сатып алуу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүндѳ каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айып тагылгандыгы тууралуу Бишкек шаардык ИИБ маалыматы негиз болгон.

            КР БШКнын  2022-жылдын 9-мартындагы № 215 чечими менен   укук коргоо органдары тарабынан берилген материалдардын негизинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Ш. Муртазалиевди каттоо жокко чыгарылган.

            Арыз ээси Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2022-жылдын 16-майындагы өкүмүнө, анын кѳчүрмѳсүн ал 2024-жылдын 21-февралында алган,  шилтеме жасап,   анда айыпталуучу Л. Смаилова жана Ф. Талипова менен  Ф.А.Муртазалиевдин жана/же анын жакын туугандарынын катыштыгы жок экендигин белгилейт.

            Ушуга байланыштуу, арыз ээси бүгүнкү күндө КР БШКнын 2022-жылдын 9-мартындагы № 215 чечимди кабыл алууда негиздердин жоктугу белгилүү болгондугун жана аны жокко чыгаруу үчүн мыйзамдуу негиздер жаралды деп эсептейт. Өз кезегинде, 2022-жылдын 9-мартындагы № 215 токтом жокко чыгарылгандыгына байланыштуу КР БШКнын  2022-жылдын 25-мартындагы № 35 токтомунун 2 жана 3-пункттары жокко чыгарылууга жатат.

            Арызда ошондой эле Свердлов райондук сотунун 2023-жылдын 21-декабрындагы өкүмү менен У.А.Мергеналиев жана А.О.Клименко дегендердин КР КЖК 196-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылгандыгы жана   алардын КР ЖК  депутаты Ш.К.Атазов менен тийиштиги бар экендиги далилдендиги кѳрсѳтүлгѳн.

            Арыз ээси  тѳмѳндѳгүлѳрдү ѳтүнгѳн:

            1. Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Ш. Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө КР БШКнын 2022-жылдын 9-мартындагы № 215 чечими жокко чыгаруу;

            2. КР БШКнын 2022-жылдын 25-мартындагы № 35 токтомунун 2, 3-пункттары жокко чыгаруу;

            3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.К.Атазовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

            4. А.Ш. Муратазалиев №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды деп таануу.

            2024-жылдын 22-февралында КР БШК №5 чесимин  кабыл алып, анда А.Ш.Муртазалиевдин арызы боюнча талаптарды канааттандыруудан баш тартылган.

            КР БШКнын чечими менен макул эместигин билдирип, А.Ш. Муртазалиев   Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылган.

            2024-жылдын 1-мартында Бишкек шаарынын административдик соту төмөнкүдөй чечим чыгарган:       

А.Ш.Муртазалиевдин арызы канааттандырылсын.

            - А.Ш. Муртазалиевдин арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө КР БШКнын 22.02.2024-ж., №5 чечими анык эмес  деп таанылсын. 

            - Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер  А.Ш.Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу жѳнүндѳ  БШКнын  9.03.2022-жылдагы №215 чечимин жокко чыгаруу, КР БШКнын 25.03.2022-жылдагы №35 токтомунун  2.3-пункттарын жокко чыгаруу КР БШКга милдеттендирилсин  жана А.Ш. Муртазалиев №29  Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖКнын шайланган депутаты деп таанылсын.

            Чечим 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

 

 

 

 .

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>