Башкы Жаңылыктар Э.М. Абдыкадыровдун арызын сот тартибинде кароо жѳнүндѳ

Э.М. Абдыкадыровдун  арызын сот тартибинде  кароо жѳнүндѳ

07-Мар, 2024

            2022-жылдын 2-августунда КР БШКга (мурда  №21 Талас шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер) Эмил Абдыкадыровдун ишенимдүү өкүлү М.Т.Калмырзаевден арыз келип түшкөн.

            Арыз ээси үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Талас облусунун прокуратурасына кайрылып, жарандар М.К.Кулмырзаевди жана Н.А. Нурлановду шайлоочулардын добушун сатып алуу (Кыргыз Республикасынын КЖК кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү) боюнча күнөөлүү деп тапкан соттун өкүмү бар экендиги тууралуу маалымат алганын билдирген.    

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2023-жылдын 20-сентябрындагы чечими менен биринчи инстанциядагы соттун бул өкүмү күчүндө калтырылган.

            Ушуга байланыштуу, Абдыкадыровдун өкүлү Э.М.Калмырзаев өз арызында  КР БШКдан  төмөндѳгүлѳрдү суранган:

            1 Шайлоо мыйзамдарын одоно бузууга, тактап айтканда добуштарды сатып алууга жол бергендигине байланыштуу №21 Талас шайлоо округу боюнча талапкер Б. Чойбековго добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таанылсын;

             2. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-декабрындагы № 832 чечими талапкер Б.К.  Чойбеков   боюнча  шайлоону болуп өттү деп таануу жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайлоо бөлүгүндө  жокко чыгарылсын.

            2024-жылдын 22-февралында БШК Э.М.Абдыкадыровдун арызын карап чыгып, арыз ээсинин талаптарын канааттандыруудан, анын ичинде  добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун (2021-жылдын ноябрында өткөн) натыйжалары боюнча чечимдерге даттануунун мыйзамдуу мөөнөттөрү бузулгандыгына байланыштуу баш тарткан.

            Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен макул болбогон Э.М. Абдыкадыров   Бишкек шаарынын административдик сотуна төмөнкү талаптар менен кайрылган:

            1) КР БШКнын от 22.02.24-ж. чечимин күчүн жоготту деп таанылсын жана жокко чыгарылсын;

            2) БШКнын 2021-жылдын 14-декабрындагы № 832 токтомун анык эмес деп  табуу жана  №21 Талас округу боюнча КР ЖК депутатын шайлоону болуп ѳттү жана Б.К. Чойбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды деп таануу бѳлүгүндѳ  аны жокко чыгаруу КР БШКга милдеттендирилсин.

            Чечим 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

БШК маалымат бѳлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>