Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ

05-Мар, 2024

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

            «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын  мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-мартындагы ПЖ №60 Жарлыгы менен №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 28-апрелине дайындалды.

 

            «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесине ылайык, шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат. 

            №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. 

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!

            18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

            №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүү күнүнө активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

            Добуш берүү күнүнө чейин 53 календарлык күн калганда б.а. 2024-жылдын 6-мартына чейин №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округундагы шайлоо участкалары боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылат, андан Сиз өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактап алсаңыз болот. 

            Ошондой эле добуш берүү күнүнө 47 календарлык күн калганда б.а. 2024-жылдын 12-мартына чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинет. 

Өзүңүз жөнүндө маалыматтарды төмөндөгүлөрдөн тактасаңыз болот:

  • 1255 же 119 номерлерине чалуу менен;
  • www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында;
  • шайлоо участогунда;
  • «119» номерине өзүңүздүн ПИН – паспорттогу жеке идентификациялык номериңизди көрсөтүү менен СМС-билдирүү жиберүү аркылуу, Сиз шайлоо участогунун номерин жана дарегин ала аласыз (СМС-билдирүү жөнөтүү жана телефон чалуу акысыз). 

            Кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2024-жылдын 12-мартынан 17-апрелине чейин (кошуп алганда) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз, мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

            Идентификациядан өтпөгөн жарандар калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жашаган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу, паспорттоштуруу жана калкты каттоо органдарынан (Кыргыз Республикасынын Санарипттик өнүктүрүү министрлигине караштуу ведомстволук түзүм) ушул жол-жободон өтсө болот. 

            2024-жылдын 12-мартынан 17-апрелине чейин (кошуп алганда) шайлоочу мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, мамлекеттик порталдагы «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу электрондук форматта дагы арыз менен кайрылууга укуктуу.

            Арызды электрондук форматта, «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу www.tizme.gov.kg сайтына, белгиленген тартипте авторлошуудан ѳтүү аркылуу берсе да болот.

            Шайлоодо добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүү укугуна ээ экендигин эсиңиздерге салабыз.

 

Урматтуу талапкерлер, саясий партияларынын өкүлдөрү!

            «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык:

шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон,

шайлоого укугу бар,

жогорку кесиптик билими бар,

Кыргыз Республикасынын жараны

Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. 

            «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 30 календарлык күн калганда б.а. 2024-жылдын 28-мартында (кошуп алганда) аяктайт.

            Саясий партиялардан бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкер талапкерлиги добушка коюлган шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде жүзөгө ашырылат. Депутаттыкка талапкерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине КР БШК мүчөсү катышууга укуктуу. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

            Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана КР БШКга берилет. 

            Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. 

            Кыргыз Республикасын санариптештирүү саясатынын алкагында тадапкерлерди каттоо үчүн «Электрондук талапкер» программасы киргизилген, ал талапкерлерге документтерин электрондук түрдө киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Талапкерлердин маалыматтарынын мыйзамдардын талаптарына ылайык келишин текшерүү «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке ашырылат (паспорттогу маалыматтары (катталгандыгы), КР жарандыгы (СӨМ), соттуулугунун жоктугу (ИИМ), жогорку кесиптик билиминин болушу (ББжИМ) ж.б.).

            Депутаттыкка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда б.а. 2024-жылдын 8-апрелине чейин аяктайт.

            Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге көмөк көрсөтүү максатында КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери – үгүт, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана шайлоо талаш-тартыштары маселелери боюнча усулдук материалдардын жана ченемдик актылардын жыйнагы даярдалды. Жакын арада шайлоого катышуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары өткөрүлөт.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү! 

            Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт. Үгүт процессине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар Кыргыз Республикасынын БШКга жазуу жүзүндөгү арызы менен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитациядан өтүшү керек.

            Берилген эфирдик убакытты, басылма аянтты төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары же интернет-басылмада жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу тарабынан аккредитация максатында шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан күндөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2024-жылдын 16-мартына чейин (кошуп алганда) КР БШКга берилүүгө тийиш. Мында акы төлөнүүчү эфир убактысынын, басылма аянтынын баасы баардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашпоого тийиш. 

            Шайлоо мыйзамдарын бузган учурда КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу.

            Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда б.а. 2024-жылдын 8-апрелинде башталат жана 27-апрелинде саат 8:00дө аяктайт.

            Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылбаган маалыматтарды чагылдыруу аркылуу гана катышууга укуктуу. 

            Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;

2) шайлоо комиссиясынын протоколдору менен таанышууга;

3) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

4) шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө-тартууну жүзөгө ашырууга;

5) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, алар атынан чыккан уюмдардын аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө.

            КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнүктүккө жигердүү катышууга, жарандарга шайлоонун жүрүшү жана эрежелери, талапкерлер жөнүндө өз убагында жана ишенимдүү маалымат берип турууга чакырат.             

            КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана, өз кезегинде, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу баардык керектүү маалыматты берип турууга даяр экендигин билдирет.

Урматтуу округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! 

            Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык силер менен биздин ишибиздин негизги иш принциптери болуп саналат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе силер менен биздин иш-аракеттерибизге жараша болот. Мекенди сүйүү, жарандык милдетти жогорку деңгээлде сезе билүү жана коом алдындагы жоопкерчилик, компетенттүүлүк бизге мыйзамдуу, ачык-айкын жана анык демократиялык шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет!

Урматтуу шайлоо процессинин катышуучулары! 

            Шайлоо укук нугунда өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын катуу сактоо, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болуу зарыл.

            КР БШК өзү тараптан шайлоо процессинин баардык катышуучулары үчүн ачык иштейт, ачык-айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо тынч, туруктуу атмосферада өтүшү үчүн мүмкүн болушунча күч-аракет жумшайт, өлкөбүздүн жарандары шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу үчүн баардык керектүү шарттарды түзөт.

Байланыш маалымат жана БШКнын маалымат ресурстары:

КР БШКнын расмий сайты www.shailoo.gov.kg

www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер, талапкерлердин шайлоо программалары жана шайлоо фонддору тууралуу жалпы маалыматтар көрсөтүлгөн.

Даттануулар жана кайрылуулар реестринде (https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/) атайын электрондук ресурсунда шайлоо комиссияларына (КР БШК, ОШК, УШК) келип түшкөн даттануулар жана арыздар, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен тааныша аласыз.

БШКнын ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъектилери үчүн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымат берүү үчүн байланыш каналдары:

  • 1255 – кыска номери;
  • 0990-04-12-55; 0707-01-12-55 WhatsApp номерлери;
  • 0312 62-62-46 – ишеним телефону;
  • kgor_cec@shailoo.gov.kg – электрондук дарек.
  • 0312 66-02-40 – КР БШКнын коомдук кабылдамасы.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы “Түндүк” тиркемеси аркылуу кол чогултуунун жол-жобосун дагы бир жолу түшүндүрөт
09-Ноя, 2026

КР БШКсы “Түндүк” тиркемеси аркылуу кол чогултуунун жол-жобосун дагы бир жолу түшүндүрөт

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдын 52-беренесине ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкер 30 минден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш. Колдор булуттук санарип кол тамгасын колдонуу менен санарип форматта, же болбосо активдүү шайлоо укугуна ээ болгон шайлоочулардын арасында кол коюу барактарында чогултулушу мүмкүн.Кол коюу барагынын таризи, кол чогултуунун жана текшерүүнүн тартиби жана ыкмасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабын аныкталат.2026-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө Жобого ылайык, Президенттик кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашырылат. Талапкерге кол чогултуу электрондук форматта “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр  мамлекеттик порталы аркылуу жүргүзүлүп, талапкердин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына чогултулган колдор жөнүндө маалыматтарды көрүү жана кол коюу барактарын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Тутумда талапкерди колдоону билдирген шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтарды көрүү мүмкүнчүлүгү камсыздалат, б.а. колдоо көрсөткөн шайлоочулар боюнча жеке жана толук статистикалык маалыматтар камтылган. Аталган маалыматтар жаш курагы жана аймактык бөлүнүшүнө карап түзүлөт.Талапкерге иреттик номерин, аты-жөнүн, аймагын, колдоосун билдирген, датасын камтыган шайлоочулардын катталган колдорунун жалпы саны жана тизмеси көрсөтүлөт.“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин берген маалыматына ылайык, “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын колдонуучуларынын саны 3 миллион 600 миңден ашык.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады
09-Ноя, 2026

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады.Кыргыз Республикасы боюнча алдын ала тизме 4 467 040 шайлоочуну камтыйт.Алдын ала шайлоочулардын тизмеси кагаз түрүндө 2026-жылдын 18-ноябрына чейин өлкөдөгү 2492 шайлоо участкасында илинет.Бул тизме Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (ММ «Кызмат») тарабынан Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги (КБМР) маалыматтардын негизинде түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мамлекеттик «Тизме» порталына (tizme.gov.kg) жайгаштырылды.Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу шайлоо маалында күн сайын жүргүзүлөт. Бул иш Борбордук шайлоо комиссиясы менен ММ «Кызмат» (калкты каттоо жана документтештирүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) биргеликте ишке ашырат.Шайлоочу өзүн тизмеден 2027-жылдын 12-январына чейин (кошо алганда) текшере алат: • 1255 же 119 кыска номерлерине чалып; • шайлоо участогунан; • «tizme.gov.kg» сайтынан; • же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2027-жылдын 12-январына чейин (кошуп алганда) электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ - ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат.
Кененирээк билүү >>
КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорун окутуудан өткөрдү
07-Ноя, 2026

КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорун окутуудан өткөрдү

2026-жылдын 6–7-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан аймактык шайлоо комиссияларынын 58 системалык администратору үчүн кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган окутуу өткөрүлдү.Окутуу шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык технологияларды жана тутумдарды натыйжалуу пайдалануу, жаңыланган шайлоо жабдууларынын иштөө өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү, техникалык мүчүлүштүктөрдүн алдын алуу жана аларды ыкчам жоюу боюнча адистердин билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга багытталды.Мындан тышкары шайлоо жабдууларынын логистикасы, автоматташтырылган шайлоо жабдуулары жана программалык-техникалык каражаттар, шайлоо жана протокол маалымат тутумдары, тармактык технологиялар, киберкоопсуздук жана маалыматтык тутумдардын иштөө тартиби, жабдууларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү, аларды техникалык жактан тейлөө жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери, ошондой эле электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДЖС) боюнча тематикалык сессиялар өттү.Аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорунун кесиптик даярдыгын жогорулатуу, шайлоо процессин техникалык жактан камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында  өткөрүлгөн окутууда тиешелүү адистер катышуучуларды кызыктырган суроолор боюнча жооп беришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 7-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Масалиевдин шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Лю Владимир катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>