Зарипбеков Дөөлөтбек Рысбекович Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жаңыдан түзүлгөн Алайку айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

24 февраля 2024

 

2024-жылдын 24-февралында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жаңыдан түзүлгөн Алайку  айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 13710  адам жашаган Алайку  айыл аймагы Алайку  жана Кызыл-Жар айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Жайылма айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 42 депутатты түздү: Алайку  кеңешинин 21 депутаты жана Кызыл-Жар кеңешинин 21 депутаты.

Алайку  айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Чордонова Кларакан Дөпөновна

Алайку  айылдык кенешинин төрагасы Таалайбек уулу Камбар  өз талапкерлигин алып салды. Сессияга бириккен Алайку  айыл аймагынын  депутаттарынын  33 катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 33 добуш алып, Зарипбеков Дөөлөтбек Рысбекович бириккен Алайку  айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды .

Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү