Кыргызстандын өкүлдөрү Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Эл өкүлдөр палатасынын депутаттарын шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда

25 февраля 2024

Кыргызстандын өкүлдөрү 2024-жылдын 25-февралында өтүүчү Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Эл өкүлдөр палатасынын депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда.
 

КМШнын жана ШКУнун байкоо жүргүзүүчү миссияларынын курамына Кыргыз Республикасынан өкүлдөр киргизилген.

Жогорудагы байкоо жүргүзүү миссиялардын курамына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев – делегациянын башчысы, БШКнын мүчөлөрү – Анар Дубанбаева, Абдыжапар Бекматов жана КК БШКнын аппаратынын кызматкерлери кирген.

Эл аралык байкоочулар үчүн брифингде Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы И.Карпенко Улуттук Жыйындын Эл өкүлдөр палатасынын депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши жана эл аралык байкоочулардын катышуусу тууралуу маалымат берди.

Шайлоого мониторинг жүргүзүү үчүн 294 эл аралык байкоочу аккредитацияланган.

Байкоочулар шайлоо участкаларын кыдырып, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүп, ошондой эле добуштарды саноого мониторирг жүргүзүүгѳ катышат.

 

Маалымат иретинде:

 

2023-жылдын 20-ноябрында сегизинчи чакырылыштагы Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын депутаттарын жана жыйырма тогузунчу чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 25-февралына дайындалган.

 

Республикасынын Конституциясына ылайык, депутаттарды шайлоо февралдын акыркы жекшембисинде добуш берүүнүн бридиктүү күнү өткөрүлөт.

 

Эл өкүлдөр палатасынын курамы 110 депутаттан жана жергиликтүү кеңештер 12514 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

 

Эл өкүлдөр палатасынын депутаттарын шайлоого 263 талапкер, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 18 802 талапкер катышууда.

 

Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү 6805 шайлоо комиссиясы тарабынан ишке ашырылат, анын ичинен 5411 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлгѳн.

 

Шайлоого катышуу үчүн тизмеге 6 913 550 шайлоочу кирген.