КР БШК кыргызстандыктарды Ата-Мекенди коргоо күнү менен куттуктайт

23 февраля 2024

Урматтуу кыргызстандыктар, кесиптештер,аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайт!

Ата-Мекенди коргоо күнү биздин ата-бабалардын улуу эрдиктерин, бизге коргоону жана сактоону мурас кылган Мекенибизди коргоо үчүн алардын күрөшүн эске салат. Элдин биримдиги менен ынтымагы өлкөнүн туруктуулугунун жана өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат.

Бул күнү биз тынчтыкты жана мамлекеттин коопсуздугун коргоп, жан аябастан кызмат өтөп жаткан адамдардын баарын даңазалайбыз. Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн сиздердин кызматыңыздарды жана эмгегиңиздерди жогору баалайбыз!

Сиздерге жана Сиздердин жакындарыңызга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубат жашоо, ынтымак жана жер үстүндө тынччылык каалайбыз!

Элибиздин ынтымагы, биримдиги бекемделсин. Кыргызстанда тынчтык жана өнүгүү болсун!

Ата-Мекенди коргоо күнүңүздөр кут болсун!