Башкы Жаңылыктар Бириккен айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо. 116 төрага …

Бириккен айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо. 116 төрага шайланды

22-Фев, 2024

20-февралдан 22-февралга чейин жаңы түзүлгөн айыл аймактарынын кеңештеринин уюштуруу сессияларынын жыйынтыгы боюнча 116 төрага шайланды. Бириккен 5 айыл аймагында шайлоо өткөрүлмөкчү.

 

Графикке ылайык, сессиялардын биринчи күнүндө 20-февралда 51 төрага шайланса, экинчи күнү - 45, үчүнчү күнү - 16 төрага шайланды.

 

Төрагаларды шайлоо белгиленген график боюнча өткѳрүлдү. Жалпысынан Кыргызстан боюнча пилоттук административдик-аймактык реформанын алкагында 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген айыл аймактарынын кеңештеринин 116 төрагасы шайланууга тийиш.

Бириккен кеңештердин төрагалары, эреже катары, жаңы бириккен аймактын курамына кирген аймактык кеңештердин төрагаларынын ичинен шайланат.

 

Бириккен айыл аймактарынын кеңештеринин уюштуруу сессиялары жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана аймактык шайлоо комиссияларынын уюштуруучулук жардамы менен бириккен айыл аймагынын курамына кирген айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары тарабынан чакырылган.

 

Тѳрагаларды шайлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жобого” ылайык жүргүзүлүп жатат.

 

Жободо «айыл аймактарына бириктирилгенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат. Жаңыдан түзүлгөн айыл аймагынын кеңеши бириккен айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук мураскору болуп кала” тургандыгы белгиленген.

 

Жобонун 8-пунктуна ылайык «Жергиликтүү кеңештердин депутаттары бириккен айыл аймагынын же шаардык кеңештин же анын курамына кошулган, ѳздѳрү тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагынын, калктуу конуштун курамында өз ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга же болбосо мыйзам менен жөнгө салынганга чейин сакталат».

 

Шаардык кеңештерде кеңештин төрагасын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өткөрүлбөй тургандыгын белгилѳѳ зарыл. Жогорудагы кѳрсѳтүлгѳн Убактылуу жобого (12-пункт) ылайык - “Айыл аймагы/аймактар ​​же айрым калктуу конуштар кирген шаарларда шаардык кеңештин статусу өзгөрбөгөндүктөн, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча сессия өткөрүлбөйт.”

 

Бириккен айыл аймактарынын уюштуруу сессияларына консультациялык жардам көрсөтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ишеним телефону - 1255 ишке киргизди. Ошондой эле коомдук кабылдама иштейт - тел. 660240.

 

Маалымат иретинде: “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын төмөнкү облустарында административдик-аймактык реформа жүргүзүү каралган:

• Баткен облусу (Кадамжай району);

• Жалал-Абад облусу;

• Ысык-Көл облусу;

• Ош облусу;

• Талас облусу;

• Чүй облусу;

• Бишкек жана Ош шаарларында.

Жалпысынан республика боюнча 484 жергиликтүү кеңеш (32 шаардык жана 452 айылдык кеңеш) болгон. Административдик-аймактык реформанын алкагындагы өзгөртүүлөрдүн натыйжасында бардыгы болуп 268 жергиликтүү кеңеш (33 шаардык жана 235 айылдык кеңеш) болот.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>