Танаев Азизбек Бакирович Ош облусунун Алай районунун жаңыдан түзүлгөн Тилектеш айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

22 февраля 2024

2024-жылдын 22-февралында Ош облусунун Алай районунун жаңыдан түзүлгөн Тилектеш айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 14743 адам жашаган Тилектеш айыл аймагы Корул жана Жошолу  айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Тилектеш айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 42 депутатты түздү: Корул кеңешинин 21 депутаты жана Жошолу кеңешинин 21 депутаты.

Тилектеш айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Муңайбасова Алтынбүбү ачып, төрагалык кылды.

Корул жана Жошолу айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын арасында М.А.Абдыкадырова жана А.Б.Танаевдин төрагалыка талапкерлигин көрсөтүлүп шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Тилектеш айыл аймагынын 40 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 21 добуш алып, Танаев Азизбек Бакирович бириккен Тилектеш айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

        

         Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү