Акматалиев Алимбек Асанович Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун бириккен Э.Алиев айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

22 февраля 2024

2024-жылдын 22-февралында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун бириккен  Э.Алиев айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 35429 адам жашаган Э.Алиев айыл аймагы Сакалды  жана  Ноокен айыл аймактарын бириктирип  түзүлгөн.

Э.Алиев айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 42 депутатты түздү: Сакалды айылдык кеңешинин 21 депутаты жана Ноокен айылдык кеңешинин 21 депутаты.

Э.Алиев  айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу депутат Маматураимова Арзыкан  ачып, төрагалык кылды.

Сакалды жана Ноокен айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен  шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен  Э.Алиев  айыл аймагынын 42 депутаттары катталып, 31 депутат добуш берүүгө катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 21 добуш алып, Акматалиев Алимбек Асанович  бириккен Э.Алиев  айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

         Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн 31160 бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү