Машрапов Куштарбек Примбердиевич Баткен облусунун Кадамжай районунун жаңыдан түзүлгөн Молдо-Нияз айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

22 февраля 2024

2024-жылдын 22-февралында Баткен облусунун Кадамжай районунун жаңыдан түзүлгөн Молдо-Нияз айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 20288 адам жашаган Молдо-Нияз айыл аймагы  Алга, Кыргыз-Кыштак  жана Совет  айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Молдо Нияз айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 51 депутатты түздү: Алга  кеңешинин  21 депутаты, Кыргыз-Кыштак  кенешинин 21 депутаты жана  Совет  кеңешинин 11 депутаты.

Молдо Нияз  айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу депутаты  Жумаев Азим  ачып, төрагалык кылды.

Алга жана Кыргыз-Кыштак  айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Арынова Рахима Туйгуновна жана Машрапов Куштарбек Примбердиевич ортосунда шайлоо болуп өттү.

Совет айыл кенешинин торагасы Коргонбаева Урматхан Зулпуновна өзүнүн кандидатурасын коюудан баш тартты.

Сессияга бириккен  Молдо Нияз  айыл аймагынын 45 депутаты  катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен  29 добуш алып, Машрапов Куштарбек Примбердиевич бириккен Молдо-Нияз айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

         Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү