Абдыкадырова Зина Дарбановна Ош облусунун Алай районунун жаңыдан түзүлгөн Курманжан Датка айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
22 февраля 2024
2024-жылдын 22-февралында Ош облусунун Алай районунун жаңыдан түзүлгөн Курманжан Датка айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 10014 адам жашаган Курманжан Датка айыл аймагы Коңур-Дөбө жана Кабылан-Көл айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Курманжан Датка айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 32 депутатты түздү: Курманжан Датка кеңешинин 21 депутаты жана Кабылан-Көл кеңешинин 11 депутаты.
Курманжан Датка айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Акимкулова Соно ачып, төрагалык кылды.
Коңур-Дөбө жана Кабылан-Көл айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын арасында З.Д.Абдыкадырова жана Т.Бегматовдордун төрагалыка талапкерлигин көрсөтүлүп шайлоо болуп өттү.
Сессияга бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын 25 депутаттары катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 15 добуш алып, Абдыкадырова Зина Дарбановна бириккен Курманжан Датка айылдык кеңешинин төрайымы болуп шайланды.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү