Кыргызстандын өкүлдөрү Азербайжан Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого мониторингге катышууда

07 февраля 2024

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү 2024-жылдын 7-февралында өтүп жаткан Азербайжан Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого мониторинг жүргүзүүгѳ катышууда.

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү КМШ, ШКУ, ТМУ жана БДИПЧ ОБСЕ байкоочулардын миссияларынын курамына киргизилген.

Алсак, жогорудагы байкоочу миссиялардын курамына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаров – делегациянын башчысы, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү – И.Гайыпкулов, М.Наспеков жана КР БШК аппаратынын кызматкерлери кирген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары – И.И. Матраимов, У.Б. Бакасов жана З.Д. Мамасадыков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын жана ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын миссияларына кошулган.

Эл аралык байкоочулар үчүн брифингде Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы М.Панахов Президетти мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши, эл аралык байкоочулардын жана чет ѳлкѳлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрүнүн катышуусу тууралуу маалымат берди.

Шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышуу үчүн 89 өлкөдөн 790 эл аралык байкоочу аккредитацияланган.

Байкоочулар шайлоо участкаларын кыдырып, добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салышат, ошондой эле добуштарды эсептѳѳгѳ байкоо жүргүзүшөт.

 

Маалымат үчүн:

2023-жылы Тоолуу Карабакка байланыштуу маселелерди жѳнгѳ салуу процесси аяктаган.

2023-жылдын 7-декабрында Азербайжан Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 7-февралына белгиленген.

Азербайжан Республикасынын Конституциясына ылайык, Президент эркин, жеке ѳзү жана жашыруун добуш берүү менен жалпы, тике жана тең шайлоо аркылуу 7 жылдык мөөнөткө шайланат.

Азербайжан Республикасынын Президентин шайлоого 7 талапкер катталган:

1. Илхам Алиев - ни Азербайжан" башкаруучу партиядан президенттикке талапкер;

2. Захид Оруж – өзүн өзү көрсөткөн;

3. Рази Нуруллаев - Улуттук фронт партиясынан президенттикке талапкер;

4. Фазил Мустафа Улуу Жаратуупартиясынан президенттикке талапкер;

5. Элшад Мусаев Улуу Азербайжанпартиясынан президенттикке талапкер;

6. Гудрат Хасангулиев – “Бүткүл Азербайжандын элдик фронту” партиясынан президенттикке талапкер;

7. Фуад Алиев өзүн өзү көрсөткөн.

Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү 125 округдук жана 6319 участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан ишке ашырылат, анын ичинен 49у чет өлкөлөрдө.

Шайлоого катышуу үчүн тизмеге 6 миллион 300 миңден ашуун шайлоочу киргизилген.