КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын А.Мамашовага жана Э.Абакировго мандатты тапшырды
04 февраля 2024
2024-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандаттарын “Альянс” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча талапкерлер А.Мамашова менен Э.Абакировго өткөрүп берүү жѳнүндѳ чечим кабыл алынды.
Мамашова Айсулуу Турусбековна “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи пунктуна, КР БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы № 121 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган.
Абакиров Элдар Курманбекович “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган.
Депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белгилер тапшырылды.