Башкы Жаңылыктар Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү: "Биринчи радиодо шайлоолор жөнүндө"

Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү: "Биринчи радиодо шайлоолор жөнүндө"

02-Фев, 2024

Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүн белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү У.Жылкыбаев Биринчи радионун эфиринде чыгып сүйлөп, шайлоо реформасын жүргүзүү мезгилиндеги жетишкендиктерге жана жарандардын шайлоо укуктарын жана тең, инклюзивдүү жана ачык шайлоолорду өткөрүүнү жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылууга багытталган алдыдагы пландарга токтолду.

​2023-жыл окуяларга бай болду, алардын ичинен төмөнкүлөгѳ белгилегибиз келет: жергиликтүү кеңештерге шайлоодо электрондук жана аралыктан добуш берүү пилоттук режимде апробацияланды, КМШнын 10 өлкөсүнүн, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрдүн катышуусунда биринчи Ысык-Көл шайлоо форуму өттү. аймактарда жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун тармагы кеңейтилди, ж.б.

​Шайлоо мыйзамдарын, шайлоо технологияларын өркүндөтүү, жарандардын маалымдуулугун, укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу боюнча мындан аркы иштер жүргүзүлүүдө.

​Биринчи радионун угармандары шайлоочулардын шайлооого келүүсү төмөн болуп жаткандыгы, алардын катышуусун активдештирүү боюнча кѳрүлүп жаткан чаралар жѳнүндѳ тынчсыздануусун билдирип, шайлоодо добуш бербегендер үчүн айып салуу боюнча мыйзам чыгаруу демилгеси жана талапкерлердин маалыматын текшерүүнүн жол-жоболору боюнча өз позицияларын билдиришти.

​У.Жылкыбаев КР Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү жана шайлоо биринчи кезекте укук, милдет эмес деген позицияны карманарын билдирди. Шайлоочулардын шайлоого катышуусун жогорулатуу маселелерин башка ѳбѳлгѳлѳрдү колдонуу менен чечүү керек. Маселен,бонустук сыйлоо механизмин иштеп чыгуу, жарандарды шайлоо жөнүндө кабардар кылуу жана маалымдоо боюнча чараларды күчөтүү жана жарандык билим берүүнү өнүктүрүү, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү.

​Белгиленгендей, 2024-2027-жылдары БШК шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, шайлоонун укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуу боюнча иштерди андан ары улантууну, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн камсыздоо боюнча чараларды көрүүнү пландаштырууда.

Ушуга байланыштуу кезектеги шайлоо циклин даярдоо жана өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын андан ары өркүндөтүү боюнча БШКнын башкаруу иштеринин стратегиялык багыттарын, максаттарын, милдеттерин жана натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн аныктоо максатында 2024-2027-жылдарга БШКнын Стратегиялык планды бекитилдиии.

​Учурда БШК ошондой эле “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин №370 Жарлыгынан келип чыккан административдик-аймактык реформага байланыштуу зарыл чараларды өз убагында жана сапаттуу кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>