Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү: Жаш жарандын мектеби
01 февраля 2024
2024-жылдын 31-январынан 2-февралына чейин Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүн майрамдоого карата КР БШК Шайлоо системаларынын Эл аралык Фонду (IFES) менен биргеликте студенттер үч күндүк Жаш жаран мектебин өткөрөт.
Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата Жаш жаран мектебин өткөрүү акыркы жылдардан бери жакшы салт болуп калды.
Жаш жаран мектебинин биринчи күнүндө студенттер Жогорку Кеңешке экскурсияга барып, парламенттин ишмердүүлүгү жана тарыхы менен таанышты. Жаштар КР Жогорку Кеңешинин депутаты М.Маматалиев менен жолугушуп, жолугушууда жаштар шайлоо жана инсандык өнүгүү темалары боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти. Өз кезегинде КР Жогорку Кеңешинин депутаты жаштарды мамлекеттин турмушунда жигердүү болууга, ошондой эле өз тармагында лидер болууга умтулууга чакырды.
Экинчи күнү студенттерди Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү менен КР БШК тѳрагасы Н.Шайлдабекова жана Эл аралык шайлоо системалары фондунун (IFES) директору Кетеван Майсурадзе куттукташты. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жаш шайлоочуларга шайлоонун ролу, мамлекеттин өнүгүүсүнө тийгизген таасири, шайлоо реформасын баштоонун алдында турган милдеттер, жаштардын шайлоого катышуусунун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүп берди. Ал шайлоо жаатындагы айрым цифралар жана фактылар менен ой бөлүшүп, шайлоо технологияларын колдонуудагы эл аралык тажрыйбага, башка өлкөлөрдүн саясий маданиятына токтолду.
Иш-чаранын жүрүшүндө КР БШК мүчөсү К.Маматов жаш шайлоочуларга жаштардын чечим кабыл алуу процессине катышуусу эмне үчүн мынчалык маанилүү экенин, алар бүгүнкү жана эртеңки саясий процессте келечекти калыптандырууда добуш берүү укугуна ээ экендигин айтып берди. Анткени, жаштардын муктаждыктарын эске алган туруктуу жана тынч коомду куруу үчүн шайлоолорго жаштардын инклюзивдүү катышуусу абдан маанилүү.
КР БШК мүчөсү, БШКнын мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.Жумалиева коомчулукту маалымдоону жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жѳнүндѳ, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын саясий турмушка бирдей жана инклюзивдүү катышуусунун маанилүүлүгүн түшүнүү, талапкер катары пассивдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын потенциалын жана мотивациясын жогорулатуу тууралуу жаш шайлоочулар менен ой бѳлүштү.
Республика боюнча бардык шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө 18-29 жаштагы жаш шайлоочулардын үлүшү 32%ды түзөөрүн, бул 1201533 адам экендигин эске алсак, саясий чечимдерди кабыл алуу процессине жаштардын өкүлчүлүгү жана катышуусу өтө маанилүү.
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы №157 “Жаштар жөнүндө” жаңы Мыйзамынын кабыл алынганына байланыштуу жаштардын жашы 35 жашка чейин жогорулатылды. Бул мыйзам 2024-жылдын 8-февралынан тартып күчүнө кирет.
Эми республика боюнча шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө жаш шайлоочулардын (18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы) үлүшү 43,57%ды түзөт, бул 1 735 417 адам дегшенди билдирет.
Ошону менен бирге, жаштар саясий институттарда жана чечимдерди кабыл алуу процесстеринде, анын ичинде шайлоолордо татыктуу өкүл болушу үчүн алар өз укуктарын билиши жана бардык деңгээлдерге толук кандуу катышуу үчүн зарыл билимге ээ болушу керек.
Жаш жаран мектеби программасы бай жана кызыктуу. Катышуучуларга мамлекеттик бийлик системасы, адам жана жарандык укуктар тууралуу билимдерден тышкары, шайлоонун ачык-айкындуулугун жана аныктыгын камсыз кылган шайлоо технологияларынын иши көрсөтүлүп, добуш берүү жол-жоболору моделдештирилди.
Үч күндүк Жаш жаран мектебинин программасы аяктагандан кийин катышуучулар сертификаттарга ээ болушат.