Башкы Жаңылыктар Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү

Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү

01-Фев, 2024

Жыл сайын февраль айынын биринчи бейшембисинде дүйнѳнүн бардык өлкөлөрү 2005-жылы Венгрияда шайлоо органдарынын кесиптик майрамы катары белгиленген Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүн белгилешет.

Шайлоо -- уникалдуу процесс. Дал ушул шайлоо аркылуу ар бир жаран өзүнүн келечегин, кандай коомдо жашап, кантип өнүгүүсүн тандайт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында демократиялык шайлоонун бардык стандарттары белгиленгген. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесине ылайык шайлоо Кыргыз Республикасынын жаранынын шайлоо жана шайлануу укугун эркин жүзөгө ашыруусуна негизделет.

Демократиялык мамлекетте жарандар шайлоо аркылуу өлкөнү башкаруу укугун ишенип беришкен мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугу жана туруктуулугу шайлануучу органдардын легитимдүүлүгүнѳ жараша болот.

Өткѳндѳрдүн сабактарды эске алуу менен 2020-жылдан кийин мыйзамда тыюу салынган финансылык, административдик жана башка ресурстарды колдонуу аркылуу шайлоочулардын тандоо эркиндигине таасир этүүгө тыюу салган конституциялык норма бекемделди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесине ылайык, эл эгемендүүлүктүн ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат.

Шайлоо элдик бийликти ишке ашыруунун жана коомдук пикирди билдирүүнүн, мамлекеттик механизмдин иштеп турушунун туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылган негизги ѳбѳлгѳлѳрдүн бири болуп саналат.

Таза, акыйкат жана атаандаштыкта ​​ѳткѳн шайлоо аркылуу түзүлгөн бийлик бекем жана шайлоочулардын ишенимине ээ болору шексиз.

Кыргыз Республикасында шайлоо реформасын жүзѳгѳ ашыруу жүрүп жатат. Шайлоонун аныктыгы, айкындуулугу, атаандашуунун жогорулашы, шайлоонун инклюзивдүүлүк деңгээли, жарандардын эркин билдирүүсү үчүн укуктук жана практикалык шарттардын жакшырышы шайлоо системасын реформалоонун азыркы этабынын негизги жетишкендиктеринен болуп саналат.

Шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарды, шайлоо технологияларын өркүндөтүү, жарандардын маалымдуулугун, укуктук жана электроалдык маданиятын жогорулатуу боюнча иштер улантылууда.

 

Кыргызстандын шайлоо практикасы жарандардын шайлоо укуктарын, шайлоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууда алдыңкы тажрыйба катары таанылганын белгилеп кетүү кубанычтуу.

Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү эркин жана таза шайлоонун маанилүүлүгүн гана эске салбастан, ар бир жарандын добушу керектүү жана мааниси бар экендигин жана өлкөнүн өнүгүүсүнө таасир тийгизерин жарандардын аң-сезиминде бекемдейт.

Жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнүн алкагында ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт. Ушул күнү КР БШК өнөктөштөр менен биргеликте демократиялык коомдун институту болгон шайлоо тууралуу жана анын негизги этаптары, шайлоо процессинин жол-жоболору, шайлоочулардын өз укуктарын жана мамлекеттик башкарууга, анын ичинде аялдардын жана жаштардын катышуу мүмкүнчүлүгүн аңдап түшүнүүсүн жакшыртуу боюнча жаштардын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган бир катар түшүндүрүү иш-чараларын өткөрөт.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>