Башкы Жаңылыктар Жарандык билим берүү борбору – «Мыкты STEM4ALL Өнѳк»

Жарандык билим берүү борбору – «Мыкты STEM4ALL Өнѳк»

27-Янв, 2024

27-январда “STEM4ALL Award 2024” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү, анда КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору Кыргыз Республикасында STEM билим берүүнү өнүктүрүүгө жана алдыга жылдырууга кошкон салымы үчүн “Мыкты STEM4ALL өнөктөшү” номинациясын жеңип алды.

 

 

Иш-чарага КР Билим берүү жана илим министри Д.Ш. Кендирбаева, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү А.Соловьева, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года, «Р.Отунбаеванын демилгеси» КФнын аткаруучу директору Р.Кайыкова, STEM4ALL х Mentoring Her катышуучулары, STEM4ALL коомдоштугунун өнөктөштөрү, көз карандысыз эксперттер, академиялык коомчулуктун жана ЖМКнын өкүлдөрү катышты.

 

STEM - Science (илим), Technology (технология), Engineering (инженерия) жана Mathematics (математика) тармактарын бириктирген окууга жана өнүктүрүүгө болгон мамиле.

Окуучулардын STEM аркылуу алган жөндөмдөрү аларга ийгиликке негиз түзөт. STEM санариптик жана жашыл трансформация жаатындагы келечектеги кесиптерге мүмкүнчүлүк ачат.


 

 

 

 

STEM4ALL x Mentoring Her долбоору жана анын насаатчылык платформасы санариптик инновацияларды колдонуу менен тармактарды жана коомдоштукту түзүү аркылуу Кыргызстандагы кыздарды жана аялдарды STEM тармагында билимге жана ийгиликке умтулууга колдоо көрсөтүүгө жана аларга мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.

Иш-чара долбоордун ийгиликтүү аяктагандыгына арналып, жүзѳгѳ ашыруунун жыйынтыгы боюнча насаатчылык жана STEM4ALL коомчулугунун мыкты өнөктөштөрү программасынын байгелеринин жеңүүчүлөрү аныкталды.

 

Белгилей кетсек, 2023-жылдын сентябрь-декабрында Жарандык билим берүү борбору Technovumen KG жана IT-Run КФ менен биргеликте ишке ашырган «Акыл Айым» социалдык долбоору STEMдин эң мыкты тажрыйбасмынын бири катары белгиленди.

Долбоордун уникалдуулугу – ал Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарынан келген кыздарды жана аялдарды компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүгө багытталгандыгы болуп саналат. 500дөн ашык катышуучу 73 жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда акысыз окуудан өтө алышты. Эң ийгиликтүүлѳрү сертификат алышты.

STEM4ALL x Mentoring Her долбоорун Digital X долбоорунун алкагында Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү Программасы демилгелеген.

Насаатчылык программасы “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан кыздардын жана аялдардын илим, технология жана инновация тармагына катышуусун өнүктүрүү максатында ишке ашырылган.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>