Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди келе жаткан жаңы 2024-жылыңыздар менен куттуктайт!

30 декабря 2023

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

Сиздерди келе жаткан Жаңы 2024-жылыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы чын жүрөктөн куттуктайт!

 

2023- жыл Кыргызстан үчүн саясий жана экономикалык маанилүү окуяларга кѳп болуп, биздин мамлекетибиздин ѳнүгүүсүнѳ багытталган жаратман иштер жана жооптуу чечимдер менен белгиленген үзүрлүү жылдардан болду.

Жаңы 2024-жыл ѳлкѳбүз жана элибиз үчүн тынчтыктын, ынтымактын, жаратмандыктын жана ѳнүгүүнүн жылы болсун!

Сиздерге жана үй-бүлѳңүздѳргѳ бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай, бакубат жашоо каалайбыз!