КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотту жана бошогон депутаттык мандаттарды ѳткѳрүп берди

28 декабря 2023

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесиен чыгаруу жана бош калган мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жѳнүндѳ Алай, Сузак, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын шаардык, Токмок жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңешинин (№ 2 Гүлчө шайлоо округу) депутаты Райымкулова Гүлмира Атантаевна каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Гүлкан Жуманазаровна Капаровага өткөрүлүп берилди;

Ош облусунун Алай районундагы Кабылан-Көл айылдык кеңешинин (N№2 Күнгөй шайлоо округу) депутаты Артык кызы Гүлзинанын ыйгарым укуктары ѳзүнүн арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сактанов Мукан Сайпидиновичке өткөрүлүп берилди;

 

Ош облусунун Алай районундагы Жошолуайылдык кеңешинин (N№2 Кызыл-Кыя шайлоо округу) депутаты Мамытбек уулу Айбектин ыйгарым укуктары ѳзүнүн арызынын негизинде токтотулду. Мандат Дүйшеев Алтынбек Пармановичке ѳткѳрүлүп берилди;

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дара айылдык кеңешинин (№ 4 Чангыр-Таш шайлоо округу) депутаты Караев Эсен Шабданбековичтин ыйгарым укуктары ѳзүнүнжазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Саматов Уларбек Авылкасымовичке өткөрүлүп берилди;


«Ата Журт Кыргызстан» депутаттык фракциясынан Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Маатжакыпов Жыргалбек Кимсановичтин (4) ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат Чыбылдаев Уланбек Жоробековичке (37), «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясы берилди;


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылдык кеңешинин (№ 1 Новоконстантиновка-Сары-Камыш шайлоо округу) депутаты Бердишев Каниет Бердишевичтин ыйгарым укуктары ѳзүнүн жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сагындыков Нурадис Жеңишбековичке өткөрүлүп берилди;

 

Нарын шаардык кеңешинин «Республика» парламенттик фракциясынан депутаты Бакировдун (4) Кайрат Маратовичтин ыйгарым укуктары ѳзүнүн арызынын негизинде токтотулду. Мандат Таалайбек уулу Камчыбекке ѳткѳрүлүп берилди, (5) «Республика» саясий партиясына;

 

Токмок шаардык кеңешинин депутаттары Саламатова Аиданын (9) «Эмгек» депутаттык фракциясы, Закриев Аслан Евласовичтин (13) «Эмгек» фракциясы, Абраимов Зафаржан Сабыржановичтин (7) «Бирге» депутаттык фракциясы, Максим Андреевич Браундун (12) Бирге» депутаттык фракциясы ыйгарым укуктары жеке арыздарынын негизинде токтотулду. Мандаттар Тусупбекова Ташхан Рафиковнага (12), «Эмгек» саясий партиясы, Казакбаев Тахир Закиржановичке (16), «Эмгек» саясий партиясы, Абышкаев Азим Джанышевичке (17) «Бирге» саясий партиясы Сулайманов Айбек Орозбековичке (19) «Бирге» саясий партиясы берилди.

 

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылдык кеңешинин (№7 Кулунду-Борбордук шайлоо округу) депутаты Ташматов Нурланбек Авалбековичтин ыйгарым укуктары депутатка карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу токтотулду. (Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун 2023-жылдын 17-февралындагы УД-02/23Ба4 өкүмү)