КР БШКнын 2023-жылы 26 декабрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
25 декабря 2023
Өткөрүү датасы: 2023-ж. 26-декабры
Убактысы: 11-00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Н.А. Ташматовдун арызы жөнүндө
(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Алай, Сузак, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын шаардык, Токмок жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-мартындагы №5 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы - Жумалиева Акбалык Калыевна, КР БШК мүчөсү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси)
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ачык маалыматтардын тизмесин бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – А. Ж. Акимбаев, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы)
- Ар кандай маселелер