Башкы Жаңылыктар Жарандык билим берүү: Коррупцияга каршы күрѳшүүнүн эл аралык …

Жарандык билим берүү: Коррупцияга каршы күрѳшүүнүн эл аралык күнүнүн алкагында коррупцияга каршы агартуу иштери боюнча жумалык

02-Дек, 2023

Жыл сайын 9-декабрда бүткүл дүйнѳдѳ коррупцияга каршы күрѳшүүнүн эл аралык күнү белгиленет.

Кыргыз Республикасы 2005-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясын ратификациялаган.

Конвенцияга кол койгон мамлекеттер пара алуу, сатып алуу, бийлик жана кызматтык абалдарын кыянатчылык менен пайдалануу жана башка ээлеген ордун кыянатчылык менен колдонуу сыяктуу аракеттерге бѳгѳт коюу чечимдерин кабылалган.

Ушуга байланыштуу 2023-жылдын 1-декабрынан 8-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Президенетине караштуу Коррупцияга каршы иштиктүү кеңеш (ККИК) КР БШК менен биргеликте мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын ѳкүлдѳрүнүн, мамлекеттик органдардын ишине мониторинг жүргүзүүнү ишке ашырган жарандык коомдук уюмдардын катышуусунда аймактардагы жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда коррупцияга каршы агартуу иштери боюнча жумалык ѳткѳрүүдѳ.

Коррупцияга каршы агартуу иштери боюнча жумалык мамлекеттик иштердин ар түрдүү чѳйрѳсүндѳ коррупцияны алдын алуу жаатында жарандардын маалымат алуусун жогорулатуу багытында ѳткѳрүлүп, мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу адамдардын ар түрдүү чыгып сүйлѳѳсүн камтыйт.

ККИК башкы катчысы Н.А. Муканов жана КР БШК тѳрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеев куттуктоо сѳздѳрүн сүйлѳштү. Алар коррупцияга каршы күрѳшүү маселесине катышуучулардын кызыктар экендигине ѳзгѳчѳ ыраазычылык билдирип, коррупцияны алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу иштерди камсыз кылууга багытталып кабыл алынган чаралардын маанилүүлүгүн белгилешти.

Коррупцияга каршы агартуу иштери боюнча жумалыктын биринчи күнү тѳмѳндѳгүлѳр чыгып сүйлѳштү:

- КР Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин ѳкүлү Т.К. Шаршеев соцалдык коргоо чѳйрѳсүндѳ коррупцияга бѳгѳт коюу боюнча чараларга кеңири талдоо жасады. Анын сүйлѳгүн сѳзүндѳ коррупциялык кѳрүнүштѳрдѳн эркин болгон социалдык коргоонун кыйла натыйжалуу системасын түзүүгѳ багытталган актуалдыуу маселелер жана практикалык кадамдар камтылды.

- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин ѳкүлү Б.Д. Какешов мамлекеттик башкарууда ачык жанаайкын механизмдерди түзүүгѳ кѳмѳктѳшкѳн олуттуу ѳбѳлгѳлѳр чагылдырылган, ачык, айкындыкты камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын иштерине баа берди.

Коррупцияга каршы аракеттенүү маселесинин актуалдуулугу коррупциянын коомго келтирген коркунучунун жогорку деңгээли менен шартталган. Талкуунун жүрүшүндѳ анын катышуучулары коррупциялык кѳрүнүштѳрдү түп-тамыры менен жок кылуу үчүн коомдо коррупциялык кандай гана кѳрүнүштѳр болбосун жарандарды жана чиновниктерди укуктук айдыңдын алкагында гана мамиле жасоого муктаждоо менен коомдо аларга карата келишпес мамиле жасоону калыптандырууну белгилешти.

Коррупцияга каршы агартуу иштери боюнча жумалык 8-декабрга чейин улантылат, демек каалоочулардын баары катыша алат.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>