Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы прокуратура органдарынын кызматкерлерин …

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы прокуратура органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

22-Ноя, 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы прокуратура органдардын кызматкерлерин кесиптик майрамы – республикабыздын прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгы менен чын дилден куттуктайт!

Түптѳлгѳн жылдардан бери ѳлкѳбүздүн прокуратура органдары мамлекетибизде мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо менен бирге, Конституцияда бекемделген жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо ишин ишенимдүү аркалап келүүдѳ. Ал эми бүгүн, укуктук мамлекетибиздин негиздери ырааттуу түрдө бекемделип жаткан учурда, прокуратура органдарынын ролу жана мааниси кыйла өсүп жаткандыгы талашсыз.

Акыркы жылдары республикабыздын прокуратура органдары менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын эриш-аркак күч-аракеттеринин натыйжасында шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, администрациялык ресурстарды кыянат пайдаланууга, шайлоо мыйзамдарын одоно бузууларга таасирдүү жана натыйжалуу бөгөт коюуда оң жылыштар даана байкалууда. Прокуратура кызматкерлери менен шайлоо комиссияларынын иштиктүү жана сабаттуу өз ара аракеттенүүсү республикабызда болуп ѳткѳн шайлоолордо мыйзамдуулукту камсыз кылуу менен бирге, жарандардын Кыргыз Республикасындагы шайлоо ѳнѳктүгүнѳ болгон ишенимин арттырды.

Ушул кубанычтуу майрам күнү Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия прокуратура органдарынын кызматкерлерине жана ардагерлерине жогорку кесипкөйлүгү, ишиндеги каармандыгы жана кызматтык парзын так аркалагандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

 

Урматтуу прокуратура кызматкерлери жана ардагерлери!

 

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлѳңүздѳргѳ жакшылык, жооптуу жана татаал ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз, ар дайым жаңы бийиктиктерди багынта беришиңиздерге ак дилибизден тилектешбиз!

 

Белгилей кетсек, 2023-жылы шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасы менен төмөндөгүлөр сыйланышты:

  • Адыл уулу Кубан - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары;
  • Майтпасов Мирлан Эшенкулович - Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын козомдоо Башкы башкармалыгынын башчысы;
  • Абдыкадыров Нурлан Ыдырысович - Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын козомдоо Башкы башкармалыгынын болум башчысы;
  • Абдыманнапов Эмильбек Абдыманнапович - Бишкек шаарынын прокурору;
  • Мурзалиев Жолдошбек Абдибахапович - Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергоону жана изин суутпай издоо ишин козомолдоо болумунун улук прокурору;
  • Толонбеков Кубанычбек Толонбекович - Бишкек шаарынын прокуратурасынын укуктук статистика жана эсепке алуу болумунун улук прокурору;
  • Абдазов Автандил Закирович - Бишкек шаарынын прокуратурасынын жазык, жарандык сот ондурушу жана сот чечимдеринин аткарылышын козомолдоо болумунун прокурору;
  • Исмаилов Майрамбек Зайнидинович, Бишкек шаардык прокуратурасынын улук прокурору;
  • Сулайманова Нургүл Жамалидиновна, Талас облусунун прокурорунун орун басары;
  • Кожомбердиев Шергазы Абдирапович, Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурору;
  • Абдырахман Руслан, Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурорунун орун басары;
  • Курманбеков Жыргалбек Курманбекович, Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын бөлүм башчысы;
  • Кожокеев Улан Балкыбекович, Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын улук прокурору;
  • Турдукулов Мирлан Калибекович, Жети-Өгүз районунун прокурору;
  • Ажыматов Артур Азаматбекович, Жети-Өгүз районунун прокурорунун улук жардамчысы;
  • Курманакулов Нурбек Абдыкадырович, Баткен облусунун прокурору;
  • Мурзаибрагимов Эмил Мурзаибрагимович, Баткен облусунун прокуратурасынын улук прокурору;
  • Көлбаев Бактияр Ысабаевич, Баткен облусунун прокурорунун жардамчысы;
  • Исраилов Канат Смайылжанович, Баткен облусунун прокурорунун жардамчысы.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын коллективи

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>