КР Борбордук шайлоо комиссиясы Ч.Төлөновго Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшырды
21 ноября 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 21-ноябрындагы жыйынында “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Төлөнов Чынберди Төлөнович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2023-жылдын 6-июлунда токтом кабыл алып, ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Ф.Д. Исмаиловдун каттоосу жокко чыгарылган. Бул токтом сотко даттанылды. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими соттор тарабынан мыйзамдуу деп табылып, күчүндө калтырылды. Ушуга байланыштуу, бош калган мандат «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде катталган кийинки талапкерге өткөрүлүп берилди.