Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстан элин Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен куттуктады
07 ноября 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жалпы кыргызстандыктарды жыл сайын 7 жана 8-ноябрда белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен куттуктайт.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Ар бириңиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен куттуктайбыз!
Кыргыз эли өзүнүн көп жылдык тарыхында эгемендүүлүккө, мамлекеттүүлүккө жетүү жолунда көптөгөн кыйынчылыктарды татыктуу жеңип өттү.
Ата-бабалардын эстелигине болгон мамиле – элдин өзүн-өзү аңдоосунун жетилүү деңгээлинин көрсөткүчтөрүнүн бири. Ата-бабаларыбыздын даңктуу иштерин эстеп калуу ар бирибиздин милдетибиз, анткени алардын аркасында биз унутулгус мурунку заманга ээ болдук, ансыз азыркы учурубуз да, келечегибиз да болмок эмес.
Мурунку муундардын бизге калтырган мурасын эстеп, баалап, аны көбөйтүп, келечекке – кыргызстандыктардын кийинки муундарына өткөрүп берүү – муундардын милдети!
Бул жолдо ар бир кыргызстандыктын салымы маанилүү - үй-бүлөсүнө кам көрүүдө, жумуш ордунда жоопкерчиликтүү иштөөдө, коомдун адеп-ахлактык жана жарандык баалуулуктарын калыптандырууда жана бекитүүдө, мамлекеттик кызматта ак ниет башкарууда.
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жана шайлоо комиссияларынын системасы өз кезегинде өлкөбүздө шайлоо демократиянын конституциялык укугун ишке ашырууну, жарандардын борбордук жана жергиликтүү деңгээлде башкарууга катышуусун иш жүзүндө камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.
Урматтуу мекендештер!
Ар дайым жерибизде тынчтык, коомдо биримдик жана ынтымак, ар бир үй-бүлөдө береке, токчулук болсун!
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын коллективи