Башкы Жаңылыктар КР БШК шайлоолордо мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти камсыз …

КР БШК шайлоолордо мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти камсыз кылуудагы салымы үчүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин белгилешти

02-Ноя, 2023

КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргыз милициясынын уюшулгандыгынын 99 жылдык урматына ички иштер органдарынын кызматкерлерин сыйлыктар менен белгиледи.

Ички иштер министри У. Ниязалиевге жана ал аркылуу ведомствонун кызматкерлерине жана ардагерлерине жѳнѳтүлгѳн КР БШКнын куттуктоосунда коомдук укук тартибин, коомдун коопсуздугун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууда, кылмыштуулукка каршы күрѳштѳ милициянын иштери мамлекеттин ѳнүгүүсүнүн жаңы жолун түптѳѳдѳ бүгүнкү шартта ѳзгѳчѳ мааниге ээ болуп жаткандыгы белгиленген.

«Соңку жылдарда Кыргызстанда ѳткѳрүлгѳн шайлоолордун жүрүшүндѳ ички иштер органдарынын күч-аракетинин натыйжасында шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, административдик ресурстарды кыянатчылык менен пайдаланууга жана башка шайлоо мыйзамдарын бузууларга бѳгѳт коюуда олуттуу прогресске жетишүү болду.

Милиция кызматкерлеринин натыйжалуу иш аракеттери, шайлоо комиссиялары менен иштиктүү ѳз ара аракеттери жана координациялоосу шайлоолордун легитимдүүлүгүнѳ жана Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына жарандардын ишенимин жогорулатууга чоң салым кошо алды»- деп айтылат куттуктоодо.

2023-жылы ички иштер органдарынын кызматкерлери укук тартибинин коргоону камсыз кылуу боюнча иш чаралардын алкагында Ош, Нарын, Талас, ЫВсык-Кѳл жана Чүй облустарынын бир катар жергиликтүү шайлоолорду ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ, ошондой эле Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо мыйзамдулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, шайлоо участкаларын, инвентарларды кайтаруу, шайлоо бюллетендерин жеткирүү боюнча олуттуу иштерди аткарышты.

КР БШКнын тѳрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев 2023-жылдын 1-ноябрында КР ИИМ борбордук аппаратынын кызматкерлерине БШКнын Ардак грамоталарын тапшырды.

Тѳмѳндѳгүлѳр белгиленди:

  • Урмамбетов Октябрь Жолдошевич, КР ички иштер министринин орун басары;

  • Рахманов Сталбек Кенешбекович, КР ИИМ коомдук коопсуздук кызматынын начальниги;

  • Макилов Султан Бейшенбекович, КР ИИМ тергѳѳ кызматынын начальниги.

 

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы Бахадыр Конуров Бишкек ИИББ жана борбордун Ленин районунун ИИБ кызматкерлерине БШКнын Ардак грамоталарын тапшырды.

Тѳмѳндѳгүлѳр белгиленди:

  • Майлыбеков Чынарбек Андарбекович, Бишкек ИИББ начальнигинин орун басары;

  • Нарчаев Бакытбек Нарбаевич, Бишкек шарындагы Ленин районунун ИИБ начальниги;

  • Толубаев Мирлан Мамасалиевич, Бишкек шарындагы Ленин районунун ИИБ тергѳѳ кызматынын начальнигинин орун басары;

  • Надыров Данияр Камалбекович, Бишкек шарындагы Ленин районунун ИИБ тергѳѳ кызматынын начальнигинин орун басары;

  • Ерикова Чынара Ериковна, Бишкек шарындагы Ленин районунун ИИБ тергѳѳ кызматынын улук тергѳѳчүсү;

  • Рыскулова Сымбат Рыскуловна, Бишкек шарындагы Ленин районунун ИИБ тергѳѳ кызматынын улук тергѳѳчүсү;

  • Кыргызбаева Мээрим Эркиновна, Бишкек шарындагы Ленин районунун ИИБ тергѳѳ кызматынын тергѳѳчүсү;

Аймактык шайлоо комиссияларынын тѳрагалары КР ИИМ аймактык бѳлүмчѳлѳрүнүн кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.

Тѳмѳндѳгүлѳр арлак грамоталар жана ыраазычылык каттары менен белгиленди:

  • Шагамурзаев Алмазбек Тиллабаевич, Баткен РИИБ начальниги;

  • Джумабаев Айзек Курбанбекович, Баткен РИИБ начальнигинин орун басары;

  • Мамануров Жолдубай Маманурович, Баткен РИИБ начальнигинин орун басары;

  • Кубанычбек уулу Суймон, Баткен РИИБ тергѳѳ кызматынын жетекчиси;

  • Абдимиталип уулу Абдилашим, Баткен РИИБ «Кѳк Таш» МБП начальниги;

  • Кудайбердиев Мунарбек Мамутович, Баткен РИИБ Самаркандек МБП начальниги ;

  • Норбеков Чынгыз Уразалиевич, Баткен РИИБ Кѳк-Таш МБП ыйгарым укуктуу инспектору;

  • Рыскулов Батыр Таалайбекович, Жети-Өгүз РИИБ начальниги;

  • Турсунбаев Каныбек Октябрович, Жети-Өгүз РИИБ улук лейтенанты;

  • Токушев Айбек Орозбекович, Жети-Өгүз РИИБ ыйгарым укуктуу инспектору;

  • Мурзабеков Эдил Космосбекович, Жети-Өгүз РИИБ тергѳѳ кызматынын начальниги;

  • Кубанычбеков Дастан Кубанычбекович, Жети-Өгүз РИИБ улук ыкчам ыйгарым укуктуу;

  • Карыбай уулу Таалайбек, Жети-Өгүз РИИБ участкалык инспектору.

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>