КР БШК шайлоолордо мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти камсыз кылуудагы салымы үчүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин белгилешти
02 ноября 2023
КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргыз милициясынын уюшулгандыгынын 99 жылдык урматына ички иштер органдарынын кызматкерлерин сыйлыктар менен белгиледи.
Ички иштер министри У. Ниязалиевге жана ал аркылуу ведомствонун кызматкерлерине жана ардагерлерине жѳнѳтүлгѳн КР БШКнын куттуктоосунда коомдук укук тартибин, коомдун коопсуздугун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууда, кылмыштуулукка каршы күрѳштѳ милициянын иштери мамлекеттин ѳнүгүүсүнүн жаңы жолун түптѳѳдѳ бүгүнкү шартта ѳзгѳчѳ мааниге ээ болуп жаткандыгы белгиленген.
«Соңку жылдарда Кыргызстанда ѳткѳрүлгѳн шайлоолордун жүрүшүндѳ ички иштер органдарынын күч-аракетинин натыйжасында шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, административдик ресурстарды кыянатчылык менен пайдаланууга жана башка шайлоо мыйзамдарын бузууларга бѳгѳт коюуда олуттуу прогресске жетишүү болду.
Милиция кызматкерлеринин натыйжалуу иш аракеттери, шайлоо комиссиялары менен иштиктүү ѳз ара аракеттери жана координациялоосу шайлоолордун легитимдүүлүгүнѳ жана Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына жарандардын ишенимин жогорулатууга чоң салым кошо алды»- деп айтылат куттуктоодо.
2023-жылы ички иштер органдарынын кызматкерлери укук тартибинин коргоону камсыз кылуу боюнча иш чаралардын алкагында Ош, Нарын, Талас, ЫВсык-Кѳл жана Чүй облустарынын бир катар жергиликтүү шайлоолорду ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ, ошондой эле Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо мыйзамдулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, шайлоо участкаларын, инвентарларды кайтаруу, шайлоо бюллетендерин жеткирүү боюнча олуттуу иштерди аткарышты.
КР БШКнын тѳрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев 2023-жылдын 1-ноябрында КР ИИМ борбордук аппаратынын кызматкерлерине БШКнын Ардак грамоталарын тапшырды.
Тѳмѳндѳгүлѳр белгиленди:
-
Урмамбетов Октябрь Жолдошевич, КР ички иштер министринин орун басары;
-
Рахманов Сталбек Кенешбекович, КР ИИМ коомдук коопсуздук кызматынын начальниги;
-
Макилов Султан Бейшенбекович, КР ИИМ тергѳѳ кызматынын начальниги.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы Бахадыр Конуров Бишкек ИИББ жана борбордун Ленин районунун ИИБ кызматкерлерине БШКнын Ардак грамоталарын тапшырды.
Тѳмѳндѳгүлѳр белгиленди:
-
Майлыбеков Чынарбек Андарбекович, Бишкек ИИББ начальнигинин орун басары;
-
Нарчаев Бакытбек Нарбаевич, Бишкек шарындагы Ленин районунун ИИБ начальниги;
-
Толубаев Мирлан Мамасалиевич, Бишкек шарындагы Ленин районунун ИИБ тергѳѳ кызматынын начальнигинин орун басары;
-
Надыров Данияр Камалбекович, Бишкек шарындагы Ленин районунун ИИБ тергѳѳ кызматынын начальнигинин орун басары;
-
Ерикова Чынара Ериковна, Бишкек шарындагы Ленин районунун ИИБ тергѳѳ кызматынын улук тергѳѳчүсү;
-
Рыскулова Сымбат Рыскуловна, Бишкек шарындагы Ленин районунун ИИБ тергѳѳ кызматынын улук тергѳѳчүсү;
-
Кыргызбаева Мээрим Эркиновна, Бишкек шарындагы Ленин районунун ИИБ тергѳѳ кызматынын тергѳѳчүсү;
Аймактык шайлоо комиссияларынын тѳрагалары КР ИИМ аймактык бѳлүмчѳлѳрүнүн кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.
Тѳмѳндѳгүлѳр арлак грамоталар жана ыраазычылык каттары менен белгиленди:
-
Шагамурзаев Алмазбек Тиллабаевич, Баткен РИИБ начальниги;
-
Джумабаев Айзек Курбанбекович, Баткен РИИБ начальнигинин орун басары;
-
Мамануров Жолдубай Маманурович, Баткен РИИБ начальнигинин орун басары;
-
Кубанычбек уулу Суймон, Баткен РИИБ тергѳѳ кызматынын жетекчиси;
-
Абдимиталип уулу Абдилашим, Баткен РИИБ «Кѳк Таш» МБП начальниги;
-
Кудайбердиев Мунарбек Мамутович, Баткен РИИБ Самаркандек МБП начальниги ;
-
Норбеков Чынгыз Уразалиевич, Баткен РИИБ Кѳк-Таш МБП ыйгарым укуктуу инспектору;
-
Рыскулов Батыр Таалайбекович, Жети-Өгүз РИИБ начальниги;
-
Турсунбаев Каныбек Октябрович, Жети-Өгүз РИИБ улук лейтенанты;
-
Токушев Айбек Орозбекович, Жети-Өгүз РИИБ ыйгарым укуктуу инспектору;
-
Мурзабеков Эдил Космосбекович, Жети-Өгүз РИИБ тергѳѳ кызматынын начальниги;
-
Кубанычбеков Дастан Кубанычбекович, Жети-Өгүз РИИБ улук ыкчам ыйгарым укуктуу;
-
Карыбай уулу Таалайбек, Жети-Өгүз РИИБ участкалык инспектору.