Ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынында шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча маселелер талкууланды
31 октября 2023
2023-жылдын 27-октябрында Ведомстволор аралык жумушчу топтун (ВАЖТ) жыйынында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча маселелер талкууланды.
Жыйынга ВАЖТ мүчѳлѳрү болушкан Жогорку Кеңештин депутаттары, БШКнын мүчѳлѳрү, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун ѳкүлдѳрү жана шщайлоо мыйзамдары жаатында эксперттер катышты.
БШКнын тѳрагасы, ВАЖТ жеткечиси Н.К. Шайлдабекова жыйындын катышуучуларын шайлоо реформасын мыйзамдык камсыз кылуу процессинин этаптары менен, шайлоонун олуттуу аспектерин комплекстүү кайра түзүү жѳнүндѳ, жетишилген максаттар жана келечектеги пландар тууралуу тааныштырды.
2013-жылы Кыргызстан кѳз карандысыздык алган учурдан тартып болуп ѳткѳн шайлоо процесстерин талдоонун негизинде мамлекеттин ѳнүгүү стратегиясын аныктоодо шайлоо системасын кардиналдуу реформалабай жана демократизациялабай туруп ѳлкѳнүн андан ары туруктуу жана коопсуз ѳнүгүүсү мүмкүн эместиги белгиленген.
Өткѳн шайлоо ѳнѳктүгүнүн бардык мүчүлүштѳрү талдоого алынган соң аталган реформанын стартегиялык милдеттери алдыга коюлуп, шайлоонун нукура аныктыгын камсыз кылуу боюнча бирден-бир милдет катары тѳмѳнкү эки аспект белгиленген:
- шайлоочулардын эсебинин тактыгы;
- шайлоочулардын добуштарынын жыйынтыгын эсептѳѳнүн тактыгы.
Натыйжада аталган эки милдетти чече турган жаңы модель тандап алынган, бул - шайлоочуларды биометрикалык каттоо жана аларды шайлоо участкаларында идентификациялоо, ошондой эле бюллетендер үчүн автоматтык сканерлѳѳнү киргизүү, булар добуш берүүнүн жыйынтыгын алдын ала эсептѳѳнү, жыйынтыктарды ыкчам жарыялоону камсыз кылды, ошентип шайлоочулардын добуштарын кол менен эсептѳѳнүн аныктыгы үчүн ѳбѳлгѳ, ориентир түзүлдү.
2018-2020-жылдары мыйзамдарды ѳркүндѳтүү стратегиясын түзүү аркылуу шайлоолордун бардык негизги аспектилерин комплекстүү кайра түзүү жүргүзүлүп, стратегиянын алкагында аракеттердин планы боюнча чаралар кабыл алынды.
2018-2020-жылдары стратегия парламенттин депутаттарынын, ѳкмѳттүн ѳкүлдѳрүнүн, эксперттердин, жарандык коомдук уюмдардын, эл аралык ѳнѳктѳрдүн, укук коргоо органдарынын катышуусунда кеңири талкуунун негизинде кабыл алынган.
2025-жылдан баштап шайлоолордун кийинки цикли башталат – жергиликтүү шайлоолор ѳтѳт, андан кийин улуттук деңгээлдеги – парламенттик жана президенттик шайлоолор болот. Азыркы учурда ВАЖТ 2021-2022-жылдарда болуп ѳткѳн шайлоолордун жүрүшүндѳ кѳрүнгѳн шайлоо мыйзамдарынын мүчүлүштѳрүн жана кемчиликтерин четтетүүнүн үстүндѳ иштеп жатат.
Шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча иштер менен бирге БШК жарандык жана санариптик билим берүү алкагында жарандар үчүн маалыматтык-түшүндүрүү жана билим берүү иштерин жүргүзүп келет.
Азыркы учурда шайлоого шайлоочулардын катышуусун жогорулатуу башкы милдеттерден болуп саналат, бул шайлоо органдарынын легитимдүүлүгүн жана алардын туруктуулугун камсыз кылуусу шарт.
Ошондой эле шайлоо процессин программалык-техникалык кайра ишке салуу кайра түзүүнүн маанилүү аспектилеринен болуп саналат, азыр электрондук программаларды жаңылоо жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдѳ. Аралыктан жана электрондук добуш берүүнү апробациялоо жүргүзүлдү. Мындай форма жаштардын жана чет ѳлкѳдѳ жүрүшкѳн жарандардын шайлоого катышуусун жогорулатуунун ѳбѳлгѳсү катары каралышы мүмкүн.
Жумушчу топтун эксперттери А. Букамбаева жана К. Мамытова ВАЖТ мүчѳлѳрүнүн кароосунда «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» КР конституциялык мыйзамына жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» КР мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү презентациялашты.
Сунуш кылынган ѳзгѳртүүлѳр 2021-жылдагы коомдук диалогдун сунуштарына, эл аралык жана улуттук байкоочулардын сунуштарына, жарандык коомдун уюмдарынын сунуштамаларына негизделген.
Сунуш кылынган ѳзгѳртүүлѳрдүн инклюзивдүүлүктү жакшыртуу, гендердик ѳкүлчүлүктү сактоо, добуштарды сатып алууларга жана административдик ресурстарды кыянатчылык менен пайдаланууга жоопкерчиликти күчѳтүү, шайлоочулардын тизмесине, саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесинен, талапкерлерге талаптарды иретке салуу маселелерине тийиштиги бар.
ВАЖТ мүчѳлѳрү аралыктан жана электрондук добуш берүү механизмдерин киргизүүнү караган ѳзгѳртүүлѳргѳ ѳзгѳчѳ кѳңүл бурушту. Мындай чаралар ички жана тышкы мигранттарды, студенттерди иш сапарында жүргѳндѳрдү ж.б. кошуп алганда жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында сунуш кылынып жаткандыгы белгиленди.
«Таза шайлоо Ассоциациясынын» юристи Т.Арыков шайлоо процессинин катышуучуларынын жоопкерчилигин күчѳтүү боюнча айрым ѳзгѳртүүлѳргѳ каршы пикирин билдирди.
Өз кезегинде КР БШК тѳрагасынын орун басары Т. Шайназаров БШК талапкерди/талапкерлердин тизмесин катоону жокко чыгарууда кылмыш жасагандыгы фактысын аныктоо жана тастыктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча укук коргоо органдарынын чечимдерин жетекчиликке ала тургандыгын баяндап ѳттү.
«Интернет саясаты жарандык демилгеси» коомдук фондунун юристи Д. Нарымбаев добуш берүүгѳ шайлоочулардын катышуусунун кескин тѳмѳндѳшүнүн себептери жана аралыктан жана электрондук добуш берүүдѳ добуш берүүнүн жашыруундуулугун камсыз кылуунун механизмдерин иштеп чыгуунун зарылдыгы жѳнүндѳ пикирин билдирди.
Кѳз карандысыз эксперт И. Кадырбеков бул чѳйрѳдѳгү реформа боюнча БШКнын ишине жогору баа берип, кѳптѳгѳн маселелер боюнча Кыргызстан КМШ ѳлкѳлѳрүнүн арасында алдыда бара жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле ал иш-аракеттери шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп таанууга жана кайра шайлоо дайындоого алып келген күнѳѳлүү адамдардан мамлекетке келтирген зыяндын ордун толуктоо жѳнүндѳ демилгени колдоду. Ошондой эле ал баяндамада козголгон Жогорку Кеңеште ѳкүлчүлүктүн тең салмакта болушу маанилүү экендигине кѳңүл буруп, бул багытта ѳзгѳртүүлѳрдү кароону сунуштады.
Жогорку Кеңештин депутаты Г.Кожокулова колдонуудагы шайлоо системасынын начар жактарын белгиледи, бир мандаттуу округдан негизинен чоң финансылык колдоосу барлар депутат болуп шайланарын белгилеп, шайлоонун жыйынтыгына ресурстардын таасирин тѳмѳндѳтүүнүн зарылдыгы тууралуу баяндады.
«Жалпы иш» КФ башкармалыгын тѳрагасы А.Суйундуева шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча киргизилип жаткан сунуштарды колдоп,
ошондой эле Жогорку Кеңеште турган саясий партиялар жѳнүндѳ жаңы мыйзамды кабыл алуунун маанисин белгиледи. Жаңы мыйзам күчтүү демократиялык институт катары саясий партияларды андан ары ѳнүктүрүүгѳ кѳмѳктѳшѳт.
Жогорку Кеңештин депутаты Э. Сулайманов жаштар үчүн квотаны киргизүүнү сунуш кылып, жергиликтүү шаардык шайлоодо ачык тизмени киргизүүнү колдоду.
«Социалдык технологиялар агенттиги» АК аткаруу директору З. Кочорбаева гендердик ѳкүлчүлүктү жакшыртууга тийиштүү бардык сунуштарды колдоду жана аял талапкерлерди коргогон нормалар боюнча сунуштарын киргизди.
«Өнүгү саясаты институту» АК башкармасынын мүчѳсү Б. Бекиев жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынын ишинин сапаты жана жоопкерчилиги жѳнүндѳ маселени кѳтѳрүп, бул багытта ѳзүнүн сунуштарын берүүгѳ даяр экендигин билдирди.
БШК мүчѳсү, БШК КЖТ жетекчиси И.Гайпкулов шайлоо фонддору жана финансылык ачыктыкты жакшыртуу маселелери боюнча сунуш кылынган ѳзгѳртүүлѳрдү баяндады.
БШК ИКТ башкармалыгынын кызматкери К. Абдилатов Баткен облусундагы үч айылдык кеңеште электрондук добуш берүүнү апробациялоо жана Ысык-Кѳл облсундагы Саруу айылдык кеңешинде аралыктан добуш берүү тажрыйбасы тууралуу жыйындын катышуучуларына айтып берди.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча ВАЖТ мүчѳлѳрү жалпысынан эксперттер сунуш кылган түзѳтүүлѳрдү жактырышты, алар сунуштарды эске алуу менен толукталып иштелип чыгып, мыйзам долбоору түрүндѳ жол-жоблоштурулат.
Соңунда ВАЖТ мүчѳлѳрү үчүн электрондук жана аралыктан добуш берүүдѳ пайдаланылган жабдуулардын кѳргѳзмѳсү уюштурулду.