Башкы Жаңылыктар 2023-жылдын 8-октябры – Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо …

2023-жылдын 8-октябры – Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү

08-Окт, 2023

Бүгүн 8-октябрда Ысык-Кѳл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо башталды.

Эртең менен 8.00 саатта Саруу айыл аймагынын 4 шайлоо участкасы, Бишкек шаарындагы 1 аралыктан бобуш берүү участкасы ачылды.

Түзүлгѳн 3 округда 21 депутатты шайлоо алдыда турат, алардын ичинен аялдар үчүн 9 мандат резервге алынган, шайлоого катышуу үчүн 41 талапкер катталган.

Талапкерлер жѳнүндѳ маалымат менен шайлоочулар ѳздѳрүнүн шайлоо участкаларында таанышса болот, ал жерде маалымат плакаттары жайгашкан, ошондой эле «Талапкер» (https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_gor порталынан таанышса болот.

Пилоттук режимде аралыктан добуш берүү форамсында шайлоону ѳткѳрүү бул шайлоонун ѳзгѳчѳлүгү болуп саналат.

 

Жергиликтүү жамааттын мүчѳсү болуп саналган, шайлоо ѳтүп жаткан Саруу айылында туруктуу катталган, участкада шайлоо күнү добуш берүү мүмкүнчүлүгү жок, шайлоо күнү Бишкек шаарында жүрүшкѳн же Бишкек шаарында жашашкан шайлоочулар аралыктан добуш берүү формасынан пайдалана алышат.

Аралыктан добуш берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында: Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50 дареги боюнча аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкасы түзүлгѳн.

Саруу айылдык кеңешинин шайлоочуларынын жалпы саны 6062 адамды түзѳт, алардын ичинен 3128-эркек, 2934-аял же 51,59 % жана 48,39 % түзѳт.

Алардын ичинен Бишкек шаарында аралыктан добуш берүүнү каалагандар 110 шайлоочу болуп саналат.

 

Шайлоочулар Тизме» - https://tizme.gov.kg/ порталынан, же болбосо 1255 кыска номерине (акысыз), же болбосо паспорттогу жеке идентификациялык номерди – ПИН жана ѳзүнүн шайлоо участкасынын дарегин кѳрсѳтүү менен 119 кыска номерине СМС жѳнѳтүп тактап алса болот.

Аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкасында шайлоочуларды идентификациялоо процессинин айкын болушу үчүн видеокѳзѳмѳл орнотулган.

Күн ичинде «dobush.shailoo.gov.kg сайтында добуш берүүнүн жүрүшүнѳ мониторингн жүргүзсѳ болот. Ошондой эле БШК коомдук байкоочуларды БШКнын имаратында электрондук добуш берүүгѳ мониторинг борборунда байкоо жүргүзүүгѳ чакырат.
Бардык суроолорду 1255 телефону боюнча тактаса болот.

Ошондой эле сиздер тѳмѳндѳгү номерлер боюнча консультация ала аласыздар:


+996 312 660240;
+996505 805809 (whatsapp Руслан); +996555 261 292 (whatsapp Асель).

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>