Башкы Жаңылыктар ЫЧКТ Ленин округунда шайлоонун жүрүшүнѳ мониторинг жүргүзүүнү улантууда

ЫЧКТ Ленин округунда шайлоонун жүрүшүнѳ мониторинг жүргүзүүнү улантууда

10-Сен, 2023

БШКнын ыкчам чара кѳрүү координациялык тобу №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна туруктуу мониторинг жүргүзүүдѳ жана бузууларды тергѳѳнүн тийиштүүлүгү боюнча укук коргоо органдарына кароо жана укуктук баа берүү үчүн токтоосуз жѳнѳтүүдѳ.

КР БШК тѳрагасынын орун басары Т, Шайназаров билдиргендей, ыкчам чара кѳрүү координациялык тобуна бузуулар жѳнүндѳ болгону 8 билдирүү келип түшкѳн, алардын 6 билдирүүсү шайлоого даярдык кѳрүү мезгилинде, 2 – орун-жайдан тышкары добуш берүү учурунда келип түшкѳн.

Келип түшкѳн арыздардын, кайрылуулардын, билдирүүлѳрдүн мүнѳздѳрү:

- мүмкүн шайлоочулардын добуштарын сатып алуулардун болушу жѳнүндѳ – 4, текшерүү жүргүзүлүүдѳ – 2, каралганы (баш тартылганы) -2;

- талапкердин соттуулугу жоюлбагандыгы жѳнүндѳ – 1, каралган (баш тартылган) ;

- шайлоо алдындагы үгүттүн шарттарын бузуу жѳнүндѳ – 2, каралган (баш тартылган) -2;

- мүмкүн административдик ресурстарды кыянатчылык менен пайдалангандыгы жѳнүндѳ – 1, каралган (баш тартылган).

6 билдирүү боюнча Бишкек шаарындагы Ленин районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан ыкчам тергѳѳ иш-чаралары жзүргүзүлгѳн, анын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Бишкек шаарындагы Ленин районунун прокуратурасы тарабынан кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерилген. 2 билдирүү боюнча тийиштүү текшерүүлѳр жүргүзүлүүдѳ.

Мыйзамдардын талаптарын сактоо жана жарандардын шайлоо укуктарын коргоо максатында БШК ЫЧКТ тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузууларга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ токтоосуз маалымат берилип турат.

КР ИИМ тергѳѳ кызматынын бѳлүм башчысы С. Макилов билдиргендей, Бишкек шаарынын ИИББнин 777 кызматкери жол кыймылынын коопсуздугун жана Ленин шайлоо окуругундагы шайлоо участкаларынын коопсуздугун күчѳтүлгѳн режимде камсыз кылышууда, ар бир шайлоо участкаларында 6-7 милиционерлер турушууда. Ошондой эле документтештирүү боюнча 69 топ жана маалыматтарды топтоо боюнча 24 топ түзүлгѳн.

Бишкек шаарындагы Ленин районунун прокурорунун орун басары Р. Абдырахман билдиргендей, үгүт жүргүзүү токтогон 9-сентябрь күнү үгүт жүргүзүшкѳн соцтармактардын пайдалануучуларынын ким экендиги такталууда.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесине ылайык шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт.

Ушуга байланыштуу 21.08.2023-жылы башталган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү 09.09.2023-жылы эртең мененки 08:00 саатта аяктаган.

Бирок жогоруда кѳрсѳтүлгѳн тыюу салууларга карабастан, айрым пайдалануучулар “Facebook” социалдык түйүнү аркылуу №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин биринин пайдасына үгүт жүргүзүүдѳ.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 65-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу, - жеке жактарга 7500 сом өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Ушуга байланыштуу, бүгүнкү күндѳ Бишкек шаарындагы Ленин ИИБ тарабынан бузуучулардын ким экендигин жана материалдарды андан ары КР БШКга берүү максатында турган жерин аныктоо үчүн тергѳѳ алдындагы текшерүү жүргүзүлүүдѳ.

Бузуулар болгон учурда 1255 номери, 0(312) 660240 - ишеним телефону, 0990 04-12-55; 0707 01-12-55 - WhatsApp боюнча билдирсе болот.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>