Башкы Жаңылыктар 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо …

2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептери боюнча каражаттардын кыймылы жѳнүндѳ маалымат

09-Сен, 2023

БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу 2023-жылдын 9-сентябрына карата №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо жѳнүндѳ маалыматын берет.

 

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышуу үчүн 34 талапкер кѳрсѳтүлүп, 25 талапкер катталган, 1 талапкер шайлоого андан ары катышуудан баш тарткан.

Мыйзам нормаларына ылайык, бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин шайлоо фонддору тѳмѳндѳгү акча каражаттарынан түзүлүшү мүмкүн:

  • 150 000 сомдон ашпаган талапкердин жеке каражатттары;

  • 1 000 000 сомдон ашпаган саясий партиянын жеке каражаттары;

ар бири 200 000 сомдон ашпалган жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлѳрү;

 

ар бири 500 000 сомдон ашпаган юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлѳрү.

 

Мында талапкердин жана талапкерлердин тизмесин кѳрсѳткѳн саясий партиянын шайлоо фондунун келип түшкѳн жана чыгымдалган акча каражаттарынын жогорку суммасы 10 000 000 сомдон ашпоого тийиш.

*Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын констиуциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык тыюу салынууга жатпаган жактар жана уюмдар шайлоо фондун түзѳ алышат.

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук ѳз ара аракеттенүү системасы аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматтарга ылайык, 2023-жылдын 9-сентябрындагы абал боюнча талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине бардыгы болуп 11 987 650,0 сом келип түшкѳн, алардын ичинен кайрымдуулук берүүлѳрдүн түрлѳрү боюнча (кайтарып берүүлѳрдү жана тѳлѳмдүн коддорун туура эмес кѳрсѳтүүлѳрдү эске алганда) тѳмѳндѳгүдѳй бѳлүштүрүлгѳн:

 

 

Берүүлѳрдүн түрлѳрү

Суммасы (сом)

%

Шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын түшүшү

11 638 350,0

100

55221000 – Талапкердин жеке каражаттары

2 788 070,0

24,0

55222000 – Саясий партиянын жеке каражаттары

0

0

55223000 – Жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары

8 254 850,0

70,9

55224000 - Юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары

0

0

Тѳлѳмдүн туура эмес коддору

916 430,00

7,9

Кайтарып берүүлѳр (банк реквизиттерин туура эмес кѳрсѳтүүгѳ байланыштуу)

349 300,0

3,0

 

  • шайлоо фондусунун каражаттарынан шайлоо ѳнѳктүгүн ѳткѳрүүгѳ байланыштуу чыгымдарды жабууга (кайтарып берүүлѳрдү жана тѳлѳмдүн коддорун туура эмес кѳрсѳтүүлѳрдү эске алганда) 10 785 089,8 сом сарпталган, алар чыгашалардын тѳмѳндѳгү түрлѳрү боюнча бѳлүштүрүлгѳн:

 

 

 

Чыгымдардын беренеси

Суммасы (сом)

%

Шайлоо фондунанан чыгымдалган каражаттар, анын ичинде баары:

10 435 789,8

100

Башка салыктык эмес кирешелер (шайлоо күрѳѳсүн тѳлѳѳ)

2 500 000,0

24,0

Тоарлар үчүн тѳлѳмдѳр

43 040,0

0.4

Кызмат кѳрсѳтүүгѳ тѳлѳмдѳр

1 399 383,0

13,4

Ижара акысы

1 179 773,0

11,3

Башка кызматтарга (маалыматтык жана консультативдик мүнѳздѳгү кызматтар)

167 110,0

1,6

Кызматкерлердин эмгегине акы тѳлѳѳлѳр (агитаторлорго, ыйгарым укуктуу жана ишенимдүү адамдарга, байкоочуларга, ѳкүлдѳргѳ ж.б.)

3 028 677,1

29,0

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматры

3 012 874,8

28,9

Тѳлѳмдѳрдүн туура эмес коддору

567 566,0

5,4

Кайтарып берүүлѳр (банк реквизиттерин туура эмес кѳрсѳтүүгѳ байланыштуу)

349 300,0

3,3

 

Талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынын келип түшѳѳлѳрү жана чыгымдалышы боюнча кыйла кеңири маалыматты БШКнын расмий сайтынан (“Талапкер жана партия”/”Бир мандаттуу шайлоо округу” маалымат ресурсу же (№26 Ленин шайлоо округу”)/Шайлоо фонду) тѳмѳндѳгү шилтемеде кѳрсѳ болот:

https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/parliamentary

https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/okrg_candidate/1690/35

БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>