2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептери боюнча каражаттардын кыймылы жѳнүндѳ маалымат
09 сентября 2023
БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу 2023-жылдын 9-сентябрына карата №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо жѳнүндѳ маалыматын берет.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышуу үчүн 34 талапкер кѳрсѳтүлүп, 25 талапкер катталган, 1 талапкер шайлоого андан ары катышуудан баш тарткан.
Мыйзам нормаларына ылайык, бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин шайлоо фонддору тѳмѳндѳгү акча каражаттарынан түзүлүшү мүмкүн:
-
150 000 сомдон ашпаган талапкердин жеке каражатттары;
-
1 000 000 сомдон ашпаган саясий партиянын жеке каражаттары;
ар бири 200 000 сомдон ашпалган жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлѳрү;
ар бири 500 000 сомдон ашпаган юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлѳрү.
Мында талапкердин жана талапкерлердин тизмесин кѳрсѳткѳн саясий партиянын шайлоо фондунун келип түшкѳн жана чыгымдалган акча каражаттарынын жогорку суммасы 10 000 000 сомдон ашпоого тийиш.
*Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын констиуциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык тыюу салынууга жатпаган жактар жана уюмдар шайлоо фондун түзѳ алышат.
«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук ѳз ара аракеттенүү системасы аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматтарга ылайык, 2023-жылдын 9-сентябрындагы абал боюнча талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине бардыгы болуп 11 987 650,0 сом келип түшкѳн, алардын ичинен кайрымдуулук берүүлѳрдүн түрлѳрү боюнча (кайтарып берүүлѳрдү жана тѳлѳмдүн коддорун туура эмес кѳрсѳтүүлѳрдү эске алганда) тѳмѳндѳгүдѳй бѳлүштүрүлгѳн:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
- шайлоо фондусунун каражаттарынан шайлоо ѳнѳктүгүн ѳткѳрүүгѳ байланыштуу чыгымдарды жабууга (кайтарып берүүлѳрдү жана тѳлѳмдүн коддорун туура эмес кѳрсѳтүүлѳрдү эске алганда) 10 785 089,8 сом сарпталган, алар чыгашалардын тѳмѳндѳгү түрлѳрү боюнча бѳлүштүрүлгѳн:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынын келип түшѳѳлѳрү жана чыгымдалышы боюнча кыйла кеңири маалыматты БШКнын расмий сайтынан (“Талапкер жана партия”/”Бир мандаттуу шайлоо округу” маалымат ресурсу же (№26 Ленин шайлоо округу”)/Шайлоо фонду) тѳмѳндѳгү шилтемеде кѳрсѳ болот:
https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/parliamentary
https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/okrg_candidate/1690/35
БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу