Башкы Жаңылыктар Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыкта добуш берүү …

Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыкта добуш берүү апробацияланат

08-Сен, 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыкта добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жѳнүндѳ чечим кабыл алды.

Чечим «Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын аткаруу боюнча кабыл алынган.
Пилот жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, шайлоо процессинде колдонуучу технологияларды ѳркүндѳтүү үчүн жүргүзүлүүдѳ.

Аралыкта добуш берүү деген кагаз түрүндѳ алып жүрүүчүдѳ даярдалган шайлоо бюллетенин пайдаланбай туруп, электрондук жабдуу аркылуу интернет түйүнүндѳгү атайын порталда жетүүгѳ мүмкүн болгон атайын программалык камсыз кылууну пайдалануу менен, идентификациялоодон ѳтүү аркылуу добуш берүү дегенди билдирет.

Аралыкта добуш берүү тийиштүү Саруу айылдык аймагынын шайлоочуларынын тизмесине киргизилген, бирок убактылуу жок болгондугуна байланыштуу туруктуу катталаган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүүгѳ мүмкүнчүлүгү жок жана аралыкта добуш берүүгѳ катышуу тууралуу арыз берген жарандардын добуш берүүгѳ жетүүсүн камсыз кылуу үчүн арналган.

Аралыкта добуш берүүнү ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын ѳз эркин билдирүүсүн ишке ашыруу жана шайлоочулардын ѳз эркин билдирүүсүнүн сакталган натыйжаларынын ѳзгѳрүлбѳстүгүн эске алуу менен аралыкта добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды түзүү, добуш берүүнүн купуялуулугун сактоо мүмкүнчүлүгү, шайлоочунун жеке маалыматы менен анын ѳз эркин билдирүүсүнүн натыйжасынын ортосундагы байланышты белгилѳѳгѳ мүмкүн эместиги, ошондой эле жарандык контролдун жана мониторингдин ѳбѳлгѳлѳрү камсыз кылынат.

Аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкасы идентификациялоонун жана маалыматтарды берүүүчүн байланыш каналдары (коопсуз зым тартылган/зым тартылбаган), кошумча автономдуу электр берүү булагы бар добуш берүүнүн (Touch-панели) электрондук жабдуусу менен жабдылат.

Аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкасында шайлоочуларды идентификациялоо процессинин ачык болушу үчүн видео байкоо жүргүзүү орнотулат.

Аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкасында шайлоочуларды идентификациялоо процессинин ачык болушу үчүн видео байкоо жүргүзүү орнотулат.

Аралыктагы формада добуш берүү үчүн электрондук шайлоо бюллетени пайдаланылат.

Аралыкта добуш берүү ѳткѳрүлүүчү жер боюнча шайлоочу биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоодон ѳтѳт. Шайлоочуну идентификациялоо добуш берүүнүн жана идентификациялоонун электрондук жабдуусу аркылуу, б.а. ачык жүргүзүлѳт.

Аралыкта добуш берүүнү жүргүзүүдѳ шайлоочулардын эркин билдирүүсүнүн натыйжалары блокчейн технологияларын пайдалануу менен аларды түзүү аяктаганда анонимдештирилет.

КР БШК Бишкек шаарында жүрүшкѳн Саруу айыл аймагынын жашоочуларын шайлоого активдүү катышууга чакырат.

Аралыкта добуш берүүнү жүргүзүү үчүн КР БШК имаратында: Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50 дареги боюнча аралыкта добуш берүүнүн шайлоо участкасы түзүлгѳн.

Бардык суроолорду 1255 телефону боюнча

тактап алса болот.

Аралыкта добуш берүүгѳ катышуу үчүн шайлоочулдардан арыздар 23-сентябрга чейин кабыл алынат.

 

Саруу айыл аймагы бардыгы болуп ѳзүнѳ 3 шайлоо округун жана 4 шайлоо участкасын бириктирет. Шайлоочулардын саны 2023-жылдын 9-августуна карата 6039 жаранды түзѳт. Так эместиктер болгон учурда шайлоочулар 22-сентябрды кошуп алган мезгилге чейин шайлоочулардын тизмесинен ѳзүн тактап алса болот.

Саруу айылдык кеңешинин 21 депутатын шайлоо алдыда тура, алардын ичинен 9 мандат аялдар үчүн резервделген.

Каттоо добуш берүү күнүнѳ чейин 20 календардык күн калганга, башкача айтканда 18-сентябрга чейин аяктайт.

18-сентябрдан тартып, календардык планга ылайык шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталат, ал добуш берүү башталганга чейин 24 саат мурда – 2023-жылдын 7-октябрынын 8.00 саатында токтотулат.

8-октябрь –добуш берүү күнү.

Шайлоонун жыйынтыгы 2023-жылдын 29-октябрына чейин чыгарылат.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>