КР БШК Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрүнѳ окуу ѳткѳрдү
05 сентября 2023
2023-жылдын 4-сентябрында КР БШК Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрүнѳ окуу ѳткѳрдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-августундагы № 183 Жарлыгы менен 2023-жылдын 8-октябрына Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоо дайындалган.
Шайлоону уюштурууга Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 12 мүчѳсү, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын 48 мүчѳсү тартылган. Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 4 шайлоо участкасы ачылган.
Саруу айылдык кеңешине 21 депутат шайланат, алардын ичинен 9 мандат аялдар үчүн резервге алынган.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштуруунун эрежелерин окушту:
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун ѳзгѳчѳлүктѳрү;
- шайлоо комиссияларынын иштѳѳ принциптери жана ыйгарым укуктары;
- шайлоочуларды маалымдоонун тартиби;
- талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүүнүн, шайлоо күрѳѳсүн берүүнүн тартиби, финансылык ачык-айкындык;
- КР БШКнын маалыматтык ренсурстары, шайлоо процессиндеги технологиялар, «Электрондук талапкер» системасына маалыматтарды киргизүү тартиби;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоонун тартиби;
- шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү;
- шайлоо комиссияларынын арыздарды, даттанууларды, шайлоодогу талаш-тартыштарды кароосу, Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун иши (ЫЧКТ);
- шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузгандыгы үчүн юридикалык жоопкерчилик.
Азыркы учурда депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү процесси жүрүп жатат. Талапкерлерден документтер 2023-жылдын 7-сентябрынын 24.00 саатына чейин алынат.
Депутаттыкка талапкерлерди каттоо кѳрсѳтүлгѳн иретине ылайык талапкерлердин келип түшкѳн документтерин аймактык шайлоо комиссиясы текшергенден кийин жүргүзүлѳт (2023-жылдын 18-сентябрына чейин).
Маалымат иретинде: 2023-жылдын 20-сентябрында Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин 4 участкалык шайлоо комиссияларынын 48 мүчѳсүн окутуу пландаштырылууда.