КР БШК 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады.

04 сентября 2023

Шайлоочулардын контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мындан ары – СӨМ) тарабынан берилген Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматтарынын негизинде түзүлүп, шайлоо участкаларына илинип жана шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталына https://tizme.gov.kg/ жайгаштырылды.

Шайлоочулардын саны 127 239, анын ичинен 55 495 эркектер жана 71 744 аялдар же тиешелүүлүгүнө жараша 43,61 пайызы эркектер жана 56,39 пайызы аялдар.

Округ боюнча добуш берүү үчүн 51 шайлоо тилкеси уюштурулган, алардын жайгашкан жери менен КР БШКсынын расмий сайтындагы(https://shailoo.gov.kg/ru/map/ ) шилтеме аркылуу кирип же 1255 кыска номерине чалып маалымат алууга болот.