Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо …

Борбордук шайлоо комиссиясы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттына талапкерлерге окуу ѳткѳрдү

18-Авг, 2023

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 18-августа  2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышкан талапкелер жана алардын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү үчүн  окуу ѳткѳрдү.  

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелери, шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо, шайлоо процессинин ачык-айкындыгынын жана аныктыгын кѳзѳмѳлдѳѳнүн ѳбѳлгѳлѳрү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди маалымдоо окутуунун максаты болуп саналат.

 

Кыргыз Республикасынын     Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук  комиссиясынын тѳрагасынын орун басары  Нурлан Койчукеев №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн 34 талапкер арыздарын беришкенин, алардын 23 талапкери катталганын, 7 талапкерди каттоодон баш тартылганын, 2 талапкер ѳзүнүн арызын кайра чакыртып алганын жана 2 талапкердин документтери кароодо турганын жолугушуунун катышуучуларына маалымдады.

         «Колдонуудагы шайлоо мыйзамдары депутаттыкка бардык талапкерлерге эркин атаандашуу үчүн бирдей шарттарды түзѳт. Мында добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептѳѳнүн аныктыгы жана шайлоочулардын катышуусун эсепке алуу кепилдендирилет. БШК депутаттыкка талапкерлерди колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын, үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоого чакырат жана силерден шайлоо процессине жоопкерчилик менен катышууну күтѳт.  Шайлоону мыйзамдуу ѳткѳрүү жана шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу топтору депутаттыкка талапкерлердин эжана алардын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүнүн  жаралган бардык маселелер боюнча ыкчам тартипте консультация берүүгѳ даяр», -деп белгнледи  Нурлан Койчукеев.

         Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү 2023-жылдын 21-августунан башталып, 2023-жылдын 9-сентябрында 08.00 сааттта аяктай тургандыгын белгилейбиз. Депутаттыкка талапкерлердин теледебаттары жана жеке чыгып сүйлѳѳлѳрү Кыргыз Респрубликасынын телерадиоберүү корпорациясынын эфиринде ѳткѳрүлѳт.

         Кыргыз Республикасынын     Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук  комиссиясынын кызматкерлери шайлоо процессинин ачык-айкындыгынын жана аныктыгынын технологиялары,  шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү ѳткѳрүү эрежелери, шайлоо комиссияларынын арыздарды жана даттанууларды кароо тартиби, юридикалык жоопкерчилик, ошондой эле шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоонун эрежелери жѳнүндѳ маалымат беришти.

         Депутаттыкка талапкерлер жѳнүндѳ, анын программалары жана шайлоо фонддору  тууралуу БШКнын ресурсунан – «Талапкер» сайтынан (http://talapker.shailoo.gov.kg/) тапса боло тургандыгын белгилейбиз.

         Жолугушуунун катышуучуларына КР БШКнын расмий сайтында жайгаштырылган негизги маалыматтык ресурстар да кѳрсѳтүлдү, алар менен шайлоо ѳнѳктүгүн ѳткѳрүүдѳ депутаттыкка талапкер сыяктуу эле так маалымат алуу үчүн шайлоочулар да пайдаланса болот:

-   «Тизме» мамлекеттик порталы (https://tizme.gov.kg/), ал шайлоо участкалары боюнча шайлооочулардын актуалдуу тизмеси менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн ачат,

- «Шайлоо участкалары жана округдары» геомаалыматтык система (https://gisuiktec.shailoo.gov.kg/Map),

- АЭУ жана кол менен эсептѳѳ маалыматтары боюнча шайлоочулардын катышуусу жана добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматтык шайлоо системасы (https://newess.shailoo.gov.kg/ru/home),

- шайлоолор жана референдумдар боюнча статистика кошулган «КР БШКнын ачык маалыматтары»  веб-ресурсу (https://shailoo.gov.kg/ru/otkrytye-dannye-cik/). 

         Ошондой эле КР БШКнын расмий сайтында атайын электрондук ресурс – даттануулардын жана кайрылуулардын реестери жайгашкан, бул жерден шайлоо комиссияларына (КР БШК, ОШК, УШК) берилген даттануулар жана арыздар менен, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен таанышса болот.  (https://shailoo.gov.kg/kg/registry/)

         Жолугушуунун жүрүшүндѳ талапкерлер жана ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳр ѳздѳрү кызыккан суроолор боюнча канаатандырарлык жоопторду алышты.

БШК: Талапкер (http://talapker.shailoo.gov.kg/)

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>