Башкы Жаңылыктар КР БШК Ж. Абировду № 26 Ленин бир …

КР БШК Ж. Абировду № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты

02-Авг, 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-августагы жыйынында Жаныбек Абировду № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды.

Чечим КР БШКнын жумушчу тобунун сунуштамасынын негизинде кабыл алынды.

Жумушчу топ тѳмѳндѳгүлѳрдү белгиледи:

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен дайындалган VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы № 826 токтому менен Ж.Б. Абиров №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылган жана VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган.

2023-жылдын 27-мартында Жогорку Кеңештин депутаты Ж.Б. Абиров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу боюнча арыз берген.

Ошол эле учурда Ж.Б. Абиров өзүнүн арызын социалдык тармактагы баракчасында “болуп ѳткѳн окуядан кийин депутаттык кызматты ээлөөгө моралдык укугу жок” экендиги менен негиздеди Ж.Б. Абировдун келип түшкөн арызынын негизинде Борбордук шайлоо комиссиянын 2021-жылдын 27-мартындагы №23 токтому менен VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Б. Абировдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2023-жылдын 27-мартындагы № 70 Жарлыгы менен №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59, 65-беренелерин жетекчиликке алуу менен» мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Конституциялык Мыйзамдын 59-беренесинин 7-бөлүгүнө жана 65-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык (депутаттын бошогон мандатын берүүнү жѳнгѳ салган): «Тийиштүү шайлоо округдарында чыгып кеткендердин ордуна бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо бош депутаттык мандат пайда болгондон кийин эки айдын ичинде ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлөт».

Өз каалоосу боюнча КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Ж.Б. Абировдун арызынын негизинде ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтүнѳн - ушул округ боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда мурда токтотулушу, бул шайлоо округу боюнча 7-чакырылыштагы КР ЖК депутатынын чыгып кетиши жана бошогон мандаттын жаралышы шайлоону өткөрүү үчүн негиз болуп саналат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 7-бөлүгүнүн, 65-беренесинин 6-бөлүгүнүн маанисине жана мазмунуна ылайык, Ленин округу боюнча 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутатынын ордуна ушул округдагы 7-чакырылыштагы депутаттардын ыйгарым укуктарынын калган конституциялык мөөнөтүнө мөөнөтүнөн мурда жана андан кийин кайра шайлоо өткөрүлөт.

Жумушчу топ арызды карап чыгып, конституциялык Мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн жоболоруна таянуу менен Ж.Б. Абиров өз каалоосу менен ушул округ боюнча ушул чакырылыштагы депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон, Ленин шайлоо округу боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «чыгып кеткен» депутаты болуп саналат деген корутундуга келет.

Ушуга байланыштуу, жумушчу топ Ж.Б. Абировдун № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышуусу укукка сыйбайт, мыйзамдарга карама каршы болот деген жыйынтыкка келет, анткени Ж.Б. Абировдун аракеттеринин натыйжасында – ѳз каалоосу боюнча 7-чакырылыштагы КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткондугуна байланыштуу, жаран Ж.Б. Абиров чыгып кеткен депутат Ж.Б. Абировдун ордуна 7-чакырылыштагы депутаттын ыйгарым укуктарынын калган конституциялык мѳѳнѳтүнѳ дайындалган жана ѳткѳрүлѳ турган Ленин округу боюнча 7-чакырылыштагы КР ЖК депутатын шайлоого кѳрсѳтүлѳп жатат.

Конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, «ушул конституциялык Мыйзамда каралган көрсөтүү тартибин сактабоо» каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.

Конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 5-бөлүгүндө «Жарандар шайлоо жана шайлануу укуктарын ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды эске алуу менен ишке ашырышат» деп белгиленген.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38, 59, 61, 65-беренелерин, КР БШКнын 2023-жылдын 27-мартындагы № 23 токтомун, КР Президенти С.Н.Жапаровдун 2023-жылдын 29-мартындагы №370 Жарлыгын, “ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуунун жана текшерүүнүн тартиби жѳнүндѳ” жобону жетекчиликке алып, ушулардын негизинде КР БШК Абировдон № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого талапкер катары документтерин кабыл алуудан жана аны каттоодон баш тартты.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>