Башкы Жаңылыктар Бишкек шаарындагы Ленин округунда Жогорку Кеңештин депутатын кайра …

Бишкек шаарындагы Ленин округунда Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого даярдык боюнча штабдын жыйыны болуп ѳттү

25-Июл, 2023

КР БШК жана Бишкек шаарынын мэриясы Ленин райондук администрация менен биргеликте №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ кѳмѳктѳшүү боюнча шаардык штабдын жыйынын ѳткѳрдү.

Жыйынга КР БШК тѳрагасы Н. К. Шайлдабекова, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. К. Байгончоков, Ленин райондук администрациясынын башчысы–акими Ж.Т. Шакиев, Ленин округдук шайлоо комиссиясынын тѳрагасы Б. Конуров, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура жана укук коргоо органдарынын ѳкүлдѳрү катышты.

БШКнын тѳрагасы шайлоо процессинин мѳѳнѳттѳрүн жана этаптарын жана шайлоону даярдоонун ар бир этабында тийиштүү органдардын милдеттерин белгилеп ѳттү. Мыйзамдарга ылайык кайра шайлоонунун мѳѳнѳттѳрү үчтѳн бирге кыскартылган, башкача айтканда шайлоо эки айдын ичинде ѳткѳрүлѳт.

Азыркы этапта талапкерлерди кѳрсѳтүү жана шайлоочулардын тизмесин тактоо жүргүзүлүүдѳ. Талапкерлерди кѳрсѳтүү этабы 10-августу кошуп алганга чейин жүргүзүлѳт, бүгүнкү күндѳ 8 талапкер кѳрсѳтүлдү. Талапкерлердин документтеринин шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүсү текшерилгенден кийин, 20-августу кошуп алганда талапкерлерди каттоо жүргүзүлѳт.

Ленин округу боюнча шайлоочулардын саны алдын ала тизмеге ылайык 2023-жылдын 19-июлуна карата 127 819 адамды түзѳт. 2023-жылдын 28-майындагы КР ЖК депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого салыштырмалуу алганда шайлоочулдардын саны 2 911 шайлоочуга кѳбѳйгѳн. Шайлоочулар ѳздѳрүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алса болот жана так эместиктер болгон учурда 30-августу кошуп алганга чейин арыз бере алат.

21-августан тартып шайлоо ѳнѳктүгүнүн эң активдүү этабы – үгүт жүргүзүү этабы башталат, ал 9-сентябрдын 8.00 саатына чейин улантылат. 10-сентябрь – добуш берүү күнү. Шайлоонун жыйынтыгы 2023-жылдын 24-сентябрына чейин чыгарылат.

Шайлоодо мыйзамдуулукту камсыз кылуу, ушул округда округдук шайлоо комиссиясынын ѳкүлдѳрүнѳн, прокуратура жана укук коргоо органдарынын ѳкүлдѳрүнѳн түзүлгѳн ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун (ЫЧККТ) алкагында комиссиялардын жана Ленин районунун жана Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын ѳз ара аракеттери маселелери талкууланды.

Атап айтканда, ѳткѳн шайлоолордо бузууларга каршы аракеттенүүнүн практикасынын мисалында шайлоолордогу бузуулардын бардык түрлѳрүнѳ, ѳзгѳчѳ талапкерди каттоону жокко чыгарууга жана майдагы мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону анык эмес деп таанууга себеп болгон шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы чаралардын ѳз учурунда кабыл алынышына жана натыйжалуулугуна кѳңүл бурулду.

Жыйындын катышуучулары ЖКга округдан татыктуу ѳкүлдү шайлоо үчүн шайлоого катышуунун маанилүүлүгү жѳнүндѳ ЖМКда жана социалдык түйүндѳрдѳ, ошондой эле комссиялардын жана ЖӨАБО ѳкүлдѳрү тарабынан шайлоочулардын арасында биргелешкен маалыматтык-түшүндүрүү чараларын жүргүзүү маселелерин талкуулады.

Шаардык штабдын жетекчиси, вице-мэр М.К. Байгончоков Ленин округунан КР ЖК депутатын кайра шайлоону ѳткѳрүүгѳ комиссияларга кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ мэрия даяр экендигин билдирип, талкууланган милдеттер аткарылууга алынгандыгын, шаардык кызматтарга шайлоого даярдык кѳрүүгѳ ар тараптуу кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчтѳндүрүүгѳ тапшырма берилгендигин белгиледи.

Ленин райондук администрация жетекчиси-акими Ж.Т. Шакиев ѳзүнүн сѳзүндѳ участкаларды материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз электрэнергиясы, байланыш, транспорт, үгүт материалдары үчүн маалыматтык орундарды камсыз кылуу маселелери боюнча зарыл чаралар кѳрүлүп, ошондой эле айрым шайлоо участкаларында бардык нормаларга ылайык келген ДСМЧА үчүн пандустарды толук жасоо иштери бүткѳрүлүп, шайлоону даярдоо учурунда жаралган башка бардык маселелер боюнча шайлоо комиссияларына толук кѳмѳк кѳрсѳтүлѳрү тууралуу билдирди.

БШКнын тѳрагасы мэрияга жана Ленин райондук администрацияга ѳз ара аракеттери, участкаларды материалдык-техникалык камсыз кылуу маселелерин толук ѳлчѳмдѳ жана ѳз учурунда чечип жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Маалымат иретинде

КР БШК 2023-жылдын 16-июнундагы № 58 токтому менен 2023-жылдын 28-майында болуп ѳткѳн №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп тааныган.

Конституциялык мыйзамга ылайык, эгереде шайлоо анык эмес деп таанылса, бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоону дайындайт, ал эки айлык мѳѳнѳттѳ ѳткѳрүлѳт.

2023-жылдын 12-июлунда БШК 2023-жылдын 10-сентябрына, жекшембиде №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону дайындоо жѳнүндѳ токтом кабыл алган.

Конституциялык мыйзамдын 38-беренесинин 2-бѳлүгүнүн, 37-беренесинин 4-1-бѳлүгүнүн талаптарына ылайык «Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу орунга талапкерликке көрсөтүлүшү мүмкүн эмес».

 

 

КР БШК маалымат бѳлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>