Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ

13-Июл, 2023

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

 

2023-жылдын 28-майында өткөн №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жараксыз деп табылган
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - КР БШК) 2023-жылдын
16-июндагы №58 токтому).

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 38-беренесине ылайык,
эгерде шайлоо жараксыз деп таанылса, кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоо бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо
2023-жылдын 10-сентябрына дайындалды (КР БШКнын 2023-жылдын
12-июлундагы № 64 токтому).

Конституциялык Мыйзамдын 63-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, кайра шайлоо дайындалган учурда шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылат, б.а. шайлоо дайындалган күндөн тартып эки айдын ичинде өткөрүлөт.

 

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

 

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!

 

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүү күнүнө активдүү шайлоо укугуна ээ, 18 жашка толгон, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

 

Добуш берүү күнүнө чейин 53 календарлык күн калганда б.а.                            2023-жылдын 19-июлуна чейин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округундагы шайлоо участкалары боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылат, андан Сиз өзүңүздүн шайлоо участкаңыз жөнүндө маалыматтарды тактап алсаңыз болот.

 

Ошондой эле добуш берүү күнүнө 47 календарлык күн калганда б.а.          2023-жылдын 25-июлуна чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинет.

 

Өзүңүз  жөнүндө  маалыматтарды  төмөндөгүлөрдөн  тактасаңыз  болот:

  • 1255  же    119  номерлерине  чалуу  менен;
  • www.tizme.gov.kg  мамлекеттик  порталында; 
  • шайлоо  участогунда;
  • «119»  номерине  өзүңүздүн  ПИН  –  паспорттогу  жеке  идентификациялык  номериңизди  көрсөтүү  менен    СМС-билдирүү  жиберүү  аркылуу,  Сиз  шайлоо  участогунун  номерин  жана  дарегин  ала  аласыз  (СМС-билдирүү  жөнөтүү  жана  телефон  чалуу  акысыз).

 

Кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2023-жылдын                                 25-июлунан 30-августуна чейин (кошуп алганда) КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз, мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

 

Биометрикалык  идентификациядан  өтпөгөн  жарандар  калкты  тейлөө  борборлорунда  (КТБ)  жана  жашаган  жери  боюнча  жарандык  абалдын  актысын  жазуу,  паспорттоштуруу  жана  калкты  каттоо  органдарынан  (Кыргыз  Республикасынын  Санарипттик  өнүктүрүү  министрлигине  караштуу  ведомстволук  түзүм)    ушул  жол-жободон  өтсө  болот. 

 

2023-жылдын 25-июлунан 30-августуна чейин (кошуп алганда) шайлоочу мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, мамлекеттик порталдагы «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу электрондук форматта дагы арыз менен кайрылууга укуктуу.

 

Арызды  электрондук  форматта,  «Шайлоочунун  кабинети»  сервиси  аркылуу  www.tizme.gov.kg  сайтына,    белгиленген  тартипте  авторлошуудан  ѳтүү  аркылуу  берсе  да  болот. 

Шайлоодо  добуш  берүү  күнү  шайлоочулардын  тизмесине  киргизилген  жарандар  гана  добуш  берүү  укугуна  ээ  экендигин  эсиңиздерге  салабыз. 

 

Урматтуу талапкерлер, саясий партияларынын өкүлдөрү!

 

Конституциялык Мыйзамына ылайык

  • шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон,
  • шайлоого укугу бар,
  • жогорку кесиптик билими бар,
  • Кыргыз Республикасынын жараны

Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 601-беренесинин            1-бөлүгүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 30 календарлык күн калганда б.а. 2023-жылдын 10-августунда                         (кошуп алганда) аяктайт.

 

Саясий партиялардан бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкер талапкерлиги добушка коюлган шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде жүзөгө ашырылат. Депутаттыкка талапкерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине КР БШК мүчөсү катышууга укуктуу. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын жетекчисинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана КР БШКга берилет.

 

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.

 

Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге көмөк көрсөтүү максатында КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери – үгүт, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана шайлоо талаш-тартыштары маселелери боюнча усулдук материалдардын жана ченемдик актылардын жыйнагы даярдалды. Жакын арада шайлоого катышуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары өткөрүлөт.

 

Кыргыз  Республикасын  санариптештирүү  саясатынын  алкагында  калыстыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу максатында тадапкерлерди  каттоо  үчүн  «Электрондук  талапкер»  программасы  киргизилген,  ал  талапкерлерге  документтерин  электрондук  түрдө  киргизүүгө  мүмкүнчүлүк  берет.  Талапкерлердин  маалыматтарынын  мыйзамдардын  талаптарына  ылайык  келишин  текшерүү  «Түндүк»  ведомстволор  аралык  электрондук  өз  ара  аракеттенүү  системасы  аркылуу  ишке  ашырылат  (паспорттогу  маалыматтары  (катталгандыгы),  КР  жарандыгы  (СӨМ),  соттуулугунун  жоктугу  (ИИМ),  жогорку  кесиптик билиминин  болушу  (ББжИМ) ж.б.). 

 

Депутаттыкка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда б.а. 2023-жылдын 21-августуна чейин аяктайт.

 

Талапкерлерге мамлекет тарабынан дебаттар жана жеке чыгып сүйлөө үчүн акысыз обо убактысы жана ар бир талапкерге бирдей көлөмдөгү басма аянты берилет.

 

Үгүт өнөктүгүнүн алкагында www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер, шайлоо программалары, шайлоо фонддорунун каражаттарынын кыймылы тууралуу маалыматтар камтылат.

 

Мындан тышкары, Ленин округдук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулар менен жолугушуулар уюштурулат.

 

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

 

Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт.

 

Үгүт процессине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар 2023-жылдын 23-июлуна чейин (кошуп алганда) КР БШКга жазуу жүзүндөгү арызын берүү аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитациядан өтүшү керек.

 

 

Тиешелүү телерадиоберүү уюмдары, мезгилдүү басылманын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери арызы менен бирге эфирдик убакытты, басылма аянтты төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары же маалымат каражаттары, интернет-басылмада жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

 

Мында акы төлөнүүчү эфир убактысынын, басылма аянтынын баасы баардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашпоого тийиш.

 

Шайлоо мыйзамдарын бузган учурда КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу.

 

Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда б.а. 2023-жылдын 21-августунда башталат жана 9-сентябрында саат 8:00дө аяктайт.

 

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылбаган маалыматтарды чагылдыруу аркылуу гана катышууга укуктуу.

 

Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;

2) шайлоо комиссиясынын протоколдору менен таанышууга;

3) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

4) шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө-тартууну жүзөгө ашырууга;

5) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, алар атынан чыккан уюмдардын аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө.

 

КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнүктүккө жигердүү катышууга, жарандарга шайлоонун жүрүшү жана эрежелери, талапкерлер жөнүндө өз убагында жана ишенимдүү маалымат берип турууга чакырат.

 

КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу баардык керектүү маалыматты берип турууга даяр экендигин билдирет.

www.shailoo.gov.kg –КР БШКнын расмий сайты,

www.tizme.gov.kg– шайлоочулардын тизмесинин порталы,

www.talapker.shailoo.gov.kg – талапкерлер жөнүндө порталы.

 

Урматтуу округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

 

Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык силер менен биздин ишибиздин негизги иш принциптери болуп саналат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе силер менен биздин иш-аракеттерибизге жараша болот. Мекенди сүйүү, жарандык милдетти жогорку деңгээлде сезе билүү жана коом алдындагы жоопкерчилик, компетенттүүлүк, бизге мыйзамдуу, ачык-айкын жана ишенимдүү демократиялык шайлоону чогуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет!

 

Урматтуу шайлоо процессинин катышуучулары!

 

Шайлоо укук нугунда өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын катуу сактоо, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болуу зарыл.

 

КР БШК өзү тараптан шайлоо процессинин баардык катышуучулары үчүн ачык иштейт, ачык-айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо мыйзамдын негизинде тынч атмосферада өтүшү үчүн мүмкүн болушунча күч-аракет жумшайт, өлкөбүздүн жарандары шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу үчүн баардык керектүү шарттарды түзөт.

 

Мамлекет тарабынан талапкерлер жана шайлоочулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Талапкерлер жана шайлоочулар жогорку жарандык жоопкерчиликти көрсөтүп, шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышып, талапкерлер мыйзамсыз аракеттерге (добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу) барбайт деп күтөбүз.

БШКнын  маалымат  ресурстары

КР  БШКнын  расмий  сайты  www.shailoo.gov.kg 

www.talapker.shailoo.gov.kg  сайтында  талапкерлер,  талапкерлердин  шайлоо  программалары  жана  шайлоо  фонддору  тууралуу  жалпы  маалыматтар  жайгаштырылат.

БШКнын  Даттануулар  жана  кайрылуулар  реестринде (https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/)    атайын  электрондук  ресурсунда  шайлоо  комиссияларына  (КР  БШК,  ОШК,  УШК)  келип  түшкөн  даттануулар  жана  арыздар,  алар  боюнча  кабыл  алынган  чечимдер  жана  сот  актылары  менен  тааныша  аласыз.

БШКнын  ыкчам  чара  көрүүнүн  координациялык  тобунун  (ЫЧКТ)  шайлоочулар  жана  шайлоо  мыйзамдарынын  башка  субъектилери  үчүн  шайлоо  мыйзамдарын  бузуу  фактылары  жөнүндө  маалымат  берүү  үчүн  байланыш  каналдары:

  • 1255  –  кыска  номери;
  • 0990  02-12-55;  0502  00-12-55  WhatsApp  номерлери;
  • 0312  62-62-46  –  ишеним  телефону;
  • kgor_cec@shailoo.gov.kg  –  электрондук  дарек.

0312  66-02-40  –  КР  БШКнын  коомдук  кабылдамасы.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>