Башкы Жаңылыктар Ысык-Кѳл электоралдык форуму

Ысык-Кѳл электоралдык форуму

22-Июн, 2023

2023-жылдын 22-23-июнунда Чолпон-Ата шаарында «ХХI кылымдын шайлоолору: кѳп түрдүүлүк, алдынкы тажрыйба, актуалдуу маселелер жана ѳнүгүү жолдору» аттуу биринчи Ысык-Кѳл электоралдык форуму ѳтүүдѳ.

Электоралдык форумга КМШ, жакынкы жана алыскы 10 чет ѳлкѳлѳрдѳн (Азербайджан, Армения, Казахстан, Россия, Белоруссия, Туркменистан, Узбекистан, Турция, Грузия, Монголия) катышуучулар – шайлоо органдарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, академиялык жана эксперттик коодоштуктун жетекчилери жана ѳкүлдѳрү чогулушту.

Электоралдык форумга эл аралык уюмдардын – КМШ Аткаруу комитетинин, КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын, ТЮРКПА, A-WEB, Бишкек шаарындагы ОБСЕ птрограммалык офисинин, Кыргызстандагы БУУ-аялдар түзүмүнүн, КР шайлоо системасынын эл аралык фондунун ѳкүлдѳрү катышууда.

Ошондой эле иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жарандык коомдун ѳкүлдѳрү, кѳз карандысыз эксперттер катышып жатышат.

Мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын  ѳркүндѳтүүгѳ, шайлоо технологияларын ишке киргизүүгѳ байланышкан маселелердин кеңири багытын талкуулоо жана    шайлоо укугу жана процесси чѳйрѳсүндѳ топтолгон тажрыйбаларды алмашуу электоралдык форумдун максаты болуп саналат.

КР БШКнын тѳрагасы Н.К. Шайлдабекова  куттуктоо сѳзүндѳ Ысык-Кѳл электоралдык форумунун маанисин жана максатын белгиледи, анткени ар бир  катышуучунун бири биринен  үйрѳнүү, ѳз пикирлерин бѳлүшүү мүкүнчүлүктѳрү бар. Форум «ачык пикир алышуу, талкуулоо жана конструктивдүү ѳз ара аркеттер боюнча, биздин бардык шайлоо органдарынын алдында турган бүгүнкү күндүн чакырыктарын чечүүнүн инновациялык жолддорун табуу үчүн эң сонун аянтча болуп саналат».

Форумдун биринчи күнү тѳмѳндѳгү темалар боюнча үч тегерек стол ѳткѳрүлдү:

  • «Шайлоо укуктарын  жана процессин ѳркүндѳтүү», бул темада улуттук  мыйзамдардын ѳзгѳчѳлүктѳрү козголду, шайлоо укугунун айрым субъекттеринин (аялдардын, МБА, мигранттардын, ЖМК) шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруунун бир катар аспекттери талкууланды.
  • «Аныктыктын жана ачыктыктын технологиялары», бул темада мамлекеттик органдардын, академиялык жана эксперттик коомдоштуктун ѳкүлдѳрү санариптик технологияларды жана шайлоо процесстерин санариптештирүүнүн жана  санариптик билим берүүнүн айрым маселелерин талкуулашты. 
  • «Жаштар жана шайлоо», бул темада жаштардын жана болочок шайлоочулардын укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ катышуучулар шайлоо укугун жана процессин ѳркүндѳтүү чѳйрѳсүндѳ башка ѳлкѳлѳрдүн тажрыйбалары жана табылгалары менен таанышуу мүкүнчүлүгүн алышып, пикир алмашты. 

Электоралдык форумдун экинчи күнүндѳ чет ѳлкѳлѳрдүн БШК  тѳрагаларынын жана ѳкүлдѳрүнүн, эл аралык уюмдардын башчыларынын жана ѳкүлдѳрүнүн чыгып сүйлѳѳлѳрү жана докладдары  күтүлүүдѳ.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>