Башкы Жаңылыктар “ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН АЙЫМ ДЕПУТАТТАРЫ ИШ ҮСТҮНДӨ” АТТУУ КОНКУРС …

“ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН АЙЫМ ДЕПУТАТТАРЫ ИШ ҮСТҮНДӨ” АТТУУ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ!!!

06-Июн, 2023

Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары, ишиңерди өлкөнүн булуң-бурчундагы бардык адамдар угуп, силер менен сыймыктана алышсын!

 

Эгерде сиз жергиликтүү кеңештерде жана жамааттарда өз тажрыйбаңыз жана жетишкен натыйжаларыңыз менен бөлүшкүңүз келсе, сизди “Жергиликтүү кеңештердин айым депутаттары иш үстүндө” конкурсуна катышууга чакырабыз!

 

Конкурстун максаттары:

- жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү жана жергиликтүү жамааттын жашоо шартын жакшыртуу боюнча жергиликтүү кеңештердин аял-депутаттарынын өзгөчө натыйжалуу иштерин аныктап чыгуу;

-жергиликтүү кеңештердин аял-депутаттарын жана жарандарды тажрыйба алмашууга жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүнүн ийгиликтүү тажрыйбаларын жайылтууга шыктандыруу;

- Кыргыз Республикасында жергиликтүү өнүгүү маселелерин чечүүнүн алдыңкы усулдарын жана жаңы ыкмаларын жайылтуу;

- аялдар үчүн 30% мандат резерви киргизилгенден кийин жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын жетишкендиктерине коомчулуктун көңүлүн буруу.

 

Конкурска катышуу үчүн 2023-жылдын 1-июнунан 30-июнуна чейинки мезгил аралыгында жамаатыңыздын көйгөйүн чечүүгө багытталган депутаттык демилгенин сүрөттөлүшүн бизге жөнөтүнүз.

Толтурулушу керек болгон форма сиз тандаган жол менен жиберилет (WhatsApp, Telegram, электрондук дарек ж.б. аркылуу)

 

Толук толтурулган формалар, жана юридикалык текшерүүдөн өткөн практикалар ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалар порталына жайгаштырылат.

 

!!! “Жергиликтүү кеңештердин айым-депутаттары иш үстүндө” конкурсунун жеңүүчүлөрүн онлайн добуш берүү аныктайт.

 

Мыкты деп тандалган мисалдардын ээлерине таасирдүү байгелер ыйгарылат:

  • I орун үчүн – МКЖӨБМАнын Ардак грамотасы жана ноутбук,
  • II орун үчүн – МКЖӨБМАнын Ардак грамотасы жана 3 функциясы бар аппарат (принтер, сканер жана көчүрмө түзүлүш),
  • III орун үчүн – МКЖӨБМАнын Ардак грамотасы жана планшет,
  • кызыктыруучу байгелер:
    • “Муниципалитет” журналына бир жылга акысыз жазылуу.
    • БАЖБАнын 1 курсунан өтүүгө сертификат
    • “Муниципалдык кызмат суроолордо жана жооптордо” жыйнагы
    • жана башка байгелер.

 

Бирок эң башкысы – Сиздердин мыкты тажрыйбаңыздар жергиликтүү коомчулуктун маселелерин чечүү жана жарандардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча башкаларга үлгү болот!

 

Сиз жергиликтүү коомчулуктун жашоосун жакшыртуу боюнча жаңы прогрессивдүү идеяларды издөөгө умтулган жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына түрткү болосуз!

 

Конкурсту Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен “Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы” мекемеси өткөрүүдө. Конкурстун уюштуруучулары:

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (МКЖӨБМА);
  • Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК);
  • “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу” ЮЖБсы (ЖӨБ Союзу);
  • “Өнүктүрүү саясат институту” Коомдук бирикмеси (ӨСИ).

Конкурска катышуунун шарттары жөнүндө толук маалыматты, ошондой эле онлайн добуш берүү боюнча нускаманы төмөнкү шилтеме боюнча таба аласыз: https://myktyaimak.gov.kg/lg-help/investment-projects/investment-project?lang=ru&id=19 же QR-код боюнча кирсеңиз болот:

Байланыш үчүн кызматкер: Нургуль Жаманкулова 0770771711, n.dzhamankulova@lga.kg  

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>