Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы Айтматов аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра аталды

06 июня 2023

 

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын курамы жана резерви 2020-жылдын 10-январында  КР БШКнын №3 токтому менен 5 жылдык мѳѳнѳткѳ түзүлгѳн.

 Азыркы учурда Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын курамында 12 мүчѳсү бар, резервинде 15 адам турат. Шайлоого даярдык жана ѳткѳрүү мезгилинде райондо курамында 380 адам турган 28 участкалык шайлоо комиссиялары иштейт.

2023-жылдын 18-апрелинде “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 82 мыйзамы күчүнѳ кирди.

Жогоруда аталган мыйзамдын 3-беренесине ылайык Талас облусунун Кара-Буура району Талас облусунун Айтматов району деп кайра аталды.

2023-жылдын 5-июнунда КР  БШКнын жыйынында токтом долбоору бекитилди, агы ылайык мындан ары аймактык жана 28 участкалык шайлоо комиссияларынын мѳѳрлѳрүн алмаштыруу менен  Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы Айтматов аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра аталды