КР БШКнын 2023-жылы 5 - июнь өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
05 июня 2023
Өткөрүү датасы: 5-июнь 2023-ж.
Убактысы: 18:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ниязалиева Дамира Абаскановнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ала-Бука, Ысык-Көл, Ак-Суу, Жумгал, Ат-Башы жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясын Айтматов аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра атоо жѳнүндѳ
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А.Ниязалиевага карата материалдар жана арыздар жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башысы)
5. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер У.А.Сариевге карата материалдар жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башысы)
6. Ар кандай маселелер