Башкы Жаңылыктар Координациялык ыкчам чара көрүү тобу добуш берүү күнү …

Координациялык ыкчам чара көрүү тобу добуш берүү күнү келип түшкөн мыйзам бузуулар боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымдайт

28-Май, 2023

2023-жылдын 28-майындагы шайлоо күнү Координациялык ыкчам чара көрүү тобу  шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна тынымсыз мониторинг жүргүзүп, көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукту токтоосуз түрдө кабардар кылып, маалыматтарды БШКнын расмий сайтындагы “Рестрлер” бөлүмүндө жарыялап турду.

2023-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында No26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо күнү келип түшкөн арыз даттануулар боюнча Координациялык ыкчам чара көрүү тобунун маалыматы угулду.

Шайлоо күнү Координациялык ыкчам чара көрүү тобуна  шайлоо мыйзамдарынын бузулуусу боюнча жалпысынан 4 маалымат келип түшкөн. Алардан:


- шайлоочулардын добуштарын сатып алуу мүмкүндүгү жөнүндө – 2

 - шайлоо алдындагы үгүттүн шарттарын бузуу жөнүндө – 1

 - шайлоочуларды ташуу мүмкүндүгү жөнүндө – 1


Координациялык ыкчам чара көрүү тобунун жетекчиси, БШКнын төрагасынын орун басары – Т.У. Шайназаров билдиргендей,  бардык келип түшкөн арыз даттануулар кароого жана тиешелүү юридикалык  баа берүү үчүн дароо укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.

 1. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д. Ниязалиеванын пайдасына «Ак-Өргө» конушундагы «Алтынай» кафесинде болгон) тергөө башталды.

Ушундай эле арыз талапкер О.Суваналиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Туржановдон да келип, укук коргоо органдарынын кароосуна өткөрүлдү.

2. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу мүмкүндүгү жөнүндө (Төмөнкү Жал кичи районунда жайгашкан “Гүлнар” павильонунда КР ЖК депутаттыгына талапкерлер Айткулов М., Д. Ниязалиеванын пайдасына) тергөөгө чейинки текшерүүдө кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон жарым-жартылай баш тартуу чечими кабыл алынган.

Материалдар мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн Ленин районунун прокуратурасына жөнөтүлдү.

Ушундай эле арыз талапкер О.Суваналиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Туржановдон да келип, ал боюнча иликтөө иштери башталган.

3. Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин шарттарынын бузулушу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Искаковдун Фейсбук баракчасына жарыялаган билдирүүсү тууралуу) тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, 25.05.2023-ж. № 02-828-2023-000122 тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарына тиркелген.

4. Шайлоочуларды ташуу шеги менен түшкөн кайрылуу боюнча   (Арча Бешик конушунун №1062 УШКсына 01kg10*AEX мамлекеттик номурлуу сары түстөгү «Тойота» маркасындагы автоунаа менен) тергөөгө чейинки текшерүү башталды.


Жыйында укук коргоо органдарынын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысынын орун басары Токтогонов У.И. учурда жогоруда айтылган төрт арыз даттануунун үч фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурорунун орун басары Абдырахман Руслан прокуратура тарабынан тергөө органдары кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү боюнча текшерүү жүрүп, башка арыз даттануулар  боюнча жүрүп жаткан тергөө аракеттери көзөмөлгө алынып жатканын билдирди.

 

Маалымат үчүн: шайлоо мыйзамдарын бузуулар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынын “Рестрлер” бөлүмүнөн таба аласыз (шилтеме: https://shailoo.gov.kg/ru/reestr)

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>