Башкы Жаңылыктар Кыргызстандын БШКсынын өкүлү Стамбулда Түркия Республикасынын Президентин шайлоонун …

Кыргызстандын БШКсынын өкүлү Стамбулда Түркия Республикасынын Президентин шайлоонун экинчи айлампасына мониторинг жүргүзүүгө катышууда

28-Май, 2023

2023-жылдын 28-майында КР БШК мүчөсү К.Маматов Түрк мамлекеттер уюмунун Миссиясынын курамында Түркия Республикасындагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына байкоо жүргүзүүгө катышууда.

Буга чейин да Кыргызстандын делегациясы Түрк мамлекеттер уюмунун миссиясынын курамында Түркия Республикасындагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасына мониторинг жүргүзүүгө катышкан
https://shailoo.gov.kg/ru/news/6686/ .

Түрк мамлекеттер уюму миссиясы шайлоо участкаларын кыдырып, добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салууда. Эл аралык байкоочулар шайлоону даярдоо жана өткөрүү, жарандардын шайлоого катышуусу, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу да маалымат алып жатышат.

Шайлоо участкаларында шайлоочулардын активдүү катышуусу байкалууда. Эксперттердин айтымында, экинчи турда, шайлоочулардын рекорддук активдүүлүгү күтүлүүдө.

Расмий маалыматтарга караганда, буга чейин чет өлкөдө добуш берүүгө 2 миллиондон ашык шайлоочу катышты, бул чет өлкөдөгү шайлоочулардын тизмесине кирген түрк жарандарынын 55%дан ашыгын түзөт.

Добуш берүү 2023-жылдын 20-24-май күндөрү дүйнөнүн 73 өлкөсүндө 167 шайлоо участкасында өттү.

Маалымат үчүн:


Түркия Республикасында президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 2023-жылдын 14-майында өткөн. Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин маалыматына караганда, 81 провинцияда 31 миң 800 шайлоо участкасы түзүлүп, 64 миллион 190 миң 651 түрк жараны шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Добуш берүүгө 55 833 175 шайлоочу катышкан, алар шайлоочулардын жалпы пайыздык көрсөткүчүнүн 86,98% түзгөн.

Анда Режеп Тайып Эрдоган жалпы добуштардын – 49,42%, Кемал Кылычдароглу – 44,95%, Синан Оган – 5,2%, Мухаррем Инже – 0,43% алган.

Режеп Тайып Эрдоган добуштардын көбүн Байбурт, Гүмүшан, Йозгат, Ризе, Канкири шаарларынан алган.

Талапкер Кемал Кылычдароглу Анкара, Стамбул, Анталия, Измир жана башка ири шаарларда жеңишке жеткен.

Түркиянын шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкер биринчи турда жеңүү үчүн 50%дан ашык добуш алышы керек. 2023-жылдын 14-майындагы шайлоонун жыйынтыгында эч бир талапкер керектүү добуштарды ала алган эмес жана Түркиянын Жогорку шайлоо кеңеши президенттик шайлоонун экинчи айлампасын 2023-жылдын 28-майына белгилеген.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>