Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо: шайлоо участкаларынын 92% пандустар менен жабдылган
28 мая 2023
Бүгүн, 2023-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Койчукеев шайлоочулардын катышуусу, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Алсак, 51 шайлоо участогунун 47си пандустар менен жабдылган, 4 шайлоо участогуна пандус орнотуунун зарылчылыгы жок деп табылган. Буга ылайык, шайлоо участкаларынын 92% пандус менен жабдылган.
Бардык 51 шайлоо участкасы боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тизмелери такталып, ар бир майып жаранга талап кылынган жардамдын түрүн эске алуу менен муктаждыктардын карталары түзүлдү. Ал карталарга ылайык, майыптыгы бар жарандардын саны 1117 адамды түздү, бул Бишкек шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы санынын 17%ын (6507 адам), же республика боюнча алардын жалпы санынын 6%ын (18548 адам) түзөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде добуш берүү үчүн жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды атайын каражаттар менен жабдуу боюнча системалуу саясатты ишке ашырат.
Белгилей кетсек, ар бир шайлоо участогу добуш берүү үчүн атайын кабина, лупа (лупа), трафареттер, шайлоо участогуна кире бериште чакыруу баскычы менен камсыздалган. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга маалымат берүү үчүн Брайл шрифти аркылуу маалымат плакаттары да даярдалган.
Добуш берүү үчүн кабиналардын бири шайлоо бюллетенин толтуруучу жай (стол, текче, стенд ж.б.) менен жабдылган, туурасы кеминде 40 см, тереңдиги 30 см. кем эмес, жерден 75 см. бийиктикте жайгашкан.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу - прокурордук карамагындагы милдет болуп саналат.
Үгүт материалдарынын жектиликтүү болушу үчүн шарттар түзүлүүсү талап: депутаттыкка аттанган талапкерлер үгүт материалдарынын жалпы тиражынын бир пайызынан кем эмес өлчөмүн үгүт материалдарын сурдокотормо же субтитр аркылуу, окууга оңой болгон, чоңойтулган шрифтте басылган, ошондой эле Брайл шрифти же башка атайын каражаттарды колдонуу менен басып чыгарууга жана жайылтууга милдеттүү.
Майып шайлоочулар - активдүү шайлоо укугуна ээ, ден соолугунун абалы начар, оорулардын, жаракаттардын же угуунун, көрүүнүн жана таяныч-кыймыл аппаратынын функцияларынын бузулушунун кесепеттеринен улам туруктуу оору менен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандары саналат. Ушуну эске алуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу үчүн мамлекет алардын укуктарын камсыздап берүүгө атайын уюштуруучулук жана маалыматтык шарттарды түзүүгө милдеттүү жана түзүүдө.
Маалымат үчүн: Участкалык шайлоо комиссияларына 28 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү арызы менен кайрылган, бул арыз бергендердин жалпы санынын (97 адам) 28,9%ын түзөт. Мүмкүнчүлүгү чектелген 28 жарандын ичинен 25 адам добуш берди.