Башкы Жаңылыктар КР БШК: Талапкерлер шайлоочуларга так маалымат бериши талап

КР БШК: Талапкерлер шайлоочуларга так маалымат бериши талап

26-Май, 2023

2023-жылдын 28-майы - Бишкек шаарынын Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо күнү.

Мониторингдин жыйынтыгы жана Ленин райондук комиссиясынын сунушунун негизинде БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сариев Улан Алмасбековичтин үгүт материалы боюнча маселени карады.

Талапкер У.А Сариевдин үгүт видеосунда - өзүнүн ишинин натыйжасында - Бишкек шаарынын Ленин районундагы социалдык инфраструктура объектилерин куруу жана жакшыртуу боюнча - көчөнүн тротуарлары бар бөлүгүн, балдар аянтчасын, курулушу аяктай элек сейил бакты, текстиль технологиясы классы, №2 ҮДТнын имараты менен кеңселери жана  орто мектептин чатырын куруу жана жакшыртуу иштери жөнүндө айтып берет.

КР БШКнын жумушчу тобунун жыйынында талапкер У.А. Сариевдин берген түшүндөрмөсү  угулду жана андан бул иштер талапкердин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеп турган учурунда  аткарылганы аныкталды.

      Ал арада, үстүбүздөгү жылдын 20-майында. БШКнын жумушчу тобунун суроо-талабы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик округу боюнча муниципалдык башкармалыгынан жооп алынды жана үгүт видеоматериалында көрсөтүлгөндөрдүн ичинен алты социалдык инфраструктура объектилерин түзүү жана оңдоо иштери шаардык бюджеттен каржыланып, сатып алуу иштери №3 муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөндүгү аныкталды.

* Булар Өмүр жана Ашар көчөлөрүн бойлото салынган тротуарлар, Жолон-Боз Салкын жана Кабыл-Найман көчөлөрүн бойлото курулган балдар спорт аянтчасы, Ашар-Арабаев көчөсүн бойлой курулган коомдук бакчасы, анын ичинде No77 орто мектебинин спорт залынын чатырын куруу иштери жана № 88 орто мектепте ачылган технологиялык класс.

2023-жылдын 23-майында Бишкек шаардык кеңешинен «БГКда жогоруда аталган объектилерди каржылоо булактары тууралуу маалымат жок» деген жооп келген.

Жогоруда айтылгандай, талапкер Сариев У.А. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп саналат.

«Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык:

 «Бишкек шаардык кеңеши шаардык өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы болуп саналат, мыйзамда белгиленген тартипте шаардын жамааты тарабынан тике шайланат жана өз ишин коллегиалдуу негизде жүргүзөт».

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, шаарлардын жергиликтүү кеңештери жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү жөнүндө маселени кароого жана чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу.

Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү бюджеттин финансысын контролдоо жана аларды бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укуктары кеңештин коллегиалдуу чечимдерин кабыл алуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан чечимдердин аткарылышын контролдоо аркылуу ишке ашырылуучу кеңештин институционалдык ресурсу болуп саналат.

Жергиликтүү кеңештин жеке депутатынын шайлоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын - шаардык кеңештин жана Бишкек шаарынын мэриясынын ишинин жыйынтыктарын үгүт материалында өзүнүн жеке эмгегинин алкагында пайдалануусу. каржылоо аспектилерин тактоо ж.б. - мыйзамсыз болуп саналат, шайлоодо үгүт жүргүзүүдө депутат болуп саналбаган жана мындай институттук ресурсу жок башка талапкерлерге караганда депутатка артыкчылыктарды түзөт, талапкерлердин тең укуктуулугун бузат.
Жумушчу топ талапкерлер жана алардын программалары боюнча үгүт иштерин жүргүзүү шайлоочулардын эркин аң-сезимдүү жана эркин билдирүүсүн калыптандыруу максатында шайлоочуларды маалымдоонун бир бөлүгү экенин эске салат.

Ошону менен бирге мыйзамда белгиленген талаптарды жана эрежелерди сактоо, анын ичинде талапкерлер тарабынан шайлоочуларга ишенимдүү маалымат берүү талап.

Жумушчу топтун сунушу менен БШК талапкерге оозеки эскертүү берип, бул видеоматериалды үгүт материалы катары колдонбоого милдеттендирди.

Ошол эле учурда талапкер У.Сариев жана анын ыйгарым укуктуу өкүлү айтылган тыянактарга макул болуп, үгүт учурунда бул видеону колдонбоого даяр экендиктерин билдиришти.
Маалымат ирээтинде:

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык:
«Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу – бул шайлоодо талапкерлердин, кызмат адамдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын мүчөлөрүнүн жана уюштуруучуларынын өздөрүнүн көзөмөлүнүн натыйжасында алынган адамдык, финансылык, материалдык, массалык маалымат каражаттарын, институттук ресурстарды кыянаттык менен пайдалануусу мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга же мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, ишканалардын үлүшү 30 пайыздан ашкан мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү бар кызматкерлердин үстүнөн, каржы жана аларды бөлүштүрүү айрым талапкерлер же саясий партияларды колдоонун саясий же башка формаларына айланат жана бардык талапкерлердин тең укуктуулугун бузат».

 

КР БШКсынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>