Башкы Жаңылыктар 2023-жылдын 24-майына карата Ленин бир мандаттуу шайлоо округу …

2023-жылдын 24-майына карата Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖКнын депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептериндеги акча каражаттарынын сарпталышы тууралуу маалымат

24-Май, 2023

БШКнын Контролдук-текшерүү тобу 2023-жылдын 28-майына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлооокругу боюнча Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоогокатышкан талапкерлердин үгүт иштерин каржылоонунжүрүшү тууралуу маалымат берет.

No26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 49 талапкер көрсөтүлдү. 32 талапкер катталып, 3 талапкер андан ары шайлоого катышуудан баш тартты.

Мыйзам ченемдерине ылайык бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн*:

• 150 000 сомдон ашпаган талапкердин жеке каражаттары;

• 1 000 000 сомдон ашпаган саясий партиянын өздүккаражаттары;

• ар бири 200 000 сомдон ашпаган жеке адамдардыныктыярдуу кайрымдуулук каражаттары;

• юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуккаражаттары, алардын ар бири 500 000 сомдон ашпайт.

Ошол эле убакта талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн жана сарпталган каражаттардын максималдуу өлчөмү 10 000 000 сомдон ашпашы керек.

* Шайлоо фонддору «Кыргыз РеспубликасынынПрезидентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарыншайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынынконституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тыюу салынбаган адамдар жана уюмдар тарабынантүзүлүшү мүмкүн.

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынганмаалыматка ылайык, 2023-жылдын 23-майына карата талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебинежалпысынан 14 434 225 сом түшкөн, анын ичиненкайрымдуулуктун түрлөрү боюнча кирешелерди (туура эмескөрсөтүлгөн коддорду) эсепке алуу боюнча төлөмдөртөмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

 

Кайрымдуулуктун түрү

 

Суммасы (сом)

%

Шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын түшүүсү

 

13 735 205,0

100

55221000 - Талапкердин өздүк каражаттары

 

3 399 580,0

24,8

55222000 - Саясий партиянын өздүк каражаттары

 

0

0

55223000 - Жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулуккаражаттары

9 206 325,0

67,0

55224000 - Юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуккаражаттары

 

0

0

Төлөмдордун туура эмес коддору

 

1 259 300,0

9,2

Туура эмес көрсөтүлгөн банктык реквизиттерден улам, төлөмдөрдү кайтаруу

 

569 020,0

4,1

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө байланышканчыгымдарды жабууга талапкерлердин шайлоо фонддорунан9 405 532,5 сом жумшалды, анын ичинен:

 

 

Чыгымдар

 

Сумма (сом)

%

Шайлоо фондунан сарпталган каражаттар, анын ичинде:

 

8 706 512,5

100

Башка салыктык эмес кирешелер (шайлоо күрөөсүн төлөө)

 

3 427 000,0

39.4

Товарлар үчүн төлөмдөр

 

25 151,0

0.3


Кызматтар үчүн төлөмдөр, бардыгы

949 858,0

10.9

Коммуналдык жана байланыш кызматтары, бардыгы

 

34 773,0

0.4

Байланыш кызматтары

 

6 973,0

0.1

Ижара акысы

868 200,0

10.0

Башка кызматтар (маалыматтык жана консультациялык)

46 885,0

0.5

Кызматкерлердин сый акылары (үгүтчүлөр, ыйгарым укуктуужана ишенимдүү адамдар, байкоочулар, өкүлдөр ж.б.у.с.)

 

565 000,0

6,5

ЖМКлардын кызматтары

4 068 318.5

46.7

Төлөм коддору туура эмес

 

311 355

3.6

Төлөмдөрдү кайтаруу (туура эмес көрсөтүлгөн банктыкреквизиттерден улам ж.б.)

 

130 000,0

1,5

Талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү жана сарптообоюнча кененирээк маалыматты БШКнын расмий сайтынан(Талапкерлер жана партиялар маалымат ресурсу)/«Бирмандаттуу шайлоо округу» (же «№26 Ленин шайлооокругу»)/Шайлоо фондунан тапса болот.

 

 

https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/parliamentary

https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/okrg_candidate/1689/34

 

КР БШКнын контролдоо-текшерүү тобу

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>