БШК № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖКнын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көз сала турган эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрдү
23 мая 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 23-майында өткөн жыйынында № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖКнын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн Казакстандын “Ак жол” демократиялык партиясынын 13 өкүлүн жана Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун 1 өкүлүн аккредитациялады.
Белгилей кетсек, эл аралык байкоочулардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү алар аккредитацияланган күндөн баштап, шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнгө чейин уланат.
Кыргыз Республикасынын жарандары эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өтө албайт.
Аккредитацияланган эл аралык байкоочулар каалаган шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларында эркин жүрүүгө жана катышууга укуктуу.
КР БШК маалымат бөлүмү