Ленин районунда талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуусу өттү
21 мая 2023
2023-жылдын 21-майында Ю.Фучик атындагы паркында №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына аттанган талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чарага БШКнын мүчөсү У.Жылкыбаев, Ленин райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Б.Коңуров, Бишкек шаарынын Ленин районунун администрациясынын өкүлдөрү, тартип сакчылары катышты.
Жолугушунун алкагында, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Булекбаев Э. Маликов А. жана Субанов А. Ленин районунун тургундарына өздөрүнүн шайлоо алдындагы программасын тааныштырып, шайлоочуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти. Ал эми, БШКнын өкүлдөрү чогулгандарга алдыдагы шайлоого даярдыктар тууралуу айтып беришти.
Тагыраагы, шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү мамлекеттик органдар тарабынан шайлоону өткөрүү боюнча мыйзамдардын алкагында каралган бардык зарыл болгон уюштуруу чаралары көрүлгөндүгүн түшүндүрүштү.
Ленин району боюнча шайлоочулардын контролдук тизмесине 124 миң 711 шайлоочу киргизилген
Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган.
Иш-чаранын соңунда талапкерлер, БШК өкүлдөрү шайлоочулар өз ара пикир алмашып, мамлекет тарабынан шайлоо өнөктүгүнүн таза жана ачык айкын өтүшүн камсыздап жатканын баса белгилешти.
Талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушууларын Ленин райондук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өткөрүүдө.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 30 талапкер аттанууда.
Талапкерлер жана саясий партиялар үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүү максатында шайлоочулардын талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан «Электрондук талапкер» маалыматтык системасы ишке киргизилген. Анда талапкерлер, партиялар, алардын программалары, өмүр баяны жана шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын бөлүштүрүлүшү тууралуу маалыматтарды ала алышат. Система БШКнын расмий сайтында көрсөтүлгөн.
Ошондой эле, жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен да текшере алышат. Маалыматтар «Тизме» мамлекеттик порталында чагылдырылган. Ал жактан шайлоочулар маалыматты эркин жана тоскоолдуксуз алса болот.
КР БШК маалымат бөлүмү