БШК 2023-жылдын 28-майына дайындалган шайлоого байланыштуу таратылып жаткан саясий жарнактарды аныктоого көмөк көрсөтүү үчүн Facebook социалдык тармагынын жетекчилигине расмий кайрылуу жолдоду
20 мая 2023
Келе жаткан шайлоого байланыштуу талапкерлердиншайлоо өнөктүгүн каржылоодо ачык-айкындуулукту жанаачыктыкты камсыз кылуу жана жасалма саясий жарнактаргажол бербөө үчүн КР БШКсы таратылган саясийжарнактарды аныктоого, аларды тараткан аккаунттардытекшерүүгө көмөктөшүү үчүн Фейсбукка кайрылуужолдоду.
Буга ылайык, Боршайком катталган 30 талапкерлердинтизмесин жана ошондой эле ыйгарым укуктуу расмийөкүлдөрдүн орус жана латын транскрипциясындагытизмелерин Фейсбукка өткөрдү.
БШКнын үгүт иштерин жүргүзүү жана каржылоо боюнчажумушчу топтору Фейсбуктагы саясий жарнактаргамониторинг жүргүзүүдө.
БШКнын Контролдук-текшерүү тобу өзгөчө Фейсбук жанаИнстаграмдагы саясий жарнактар үчүн төлөмдөрдүкөзөмөлдөп, саясий жарнактар шайлоо фондунан төлөнүшүкеректигин эскертет.
Үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ социалдык түйүндөрдө жарыяланган үгүт билдирүүлөрүүгүт эрежелери боюнча шайлоо мыйзамдарынынталаптарына жооп бериши керек экендигинеталапкерлердин көңүлүн бурат.
Маалымат иретинде:
Бардык саясий жарнактар www.facebook.com/ads/library/report дареги боюнчажеткиликтүү болгон коомдук маселелерге, шайлоого же саясатка тиешелүү Жарнамалар китепканасына кошулат, анын жогорку бетинде Кыргызстан өлкөсүн тандоо керек.
Meta Digital Library (Facebook) катталган аккаунттардан, Facebook колдонуучу аккаунттарынан келген саясий жарнакүчүн төлөмдү көзөмөлдөө үчүн зарыл болгон маалыматбулагы катары кызмат кылат.
КР БШК маалымат бөлүмү